Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы жер титирөө 162 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 252 | 0

Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдөн 162 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү жана чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 300дөй адам жабыркады.

Жер титирөөнүн очогу баш калаа Жакартадан 74 чакырым түштүк-чыгышты жайгашкан.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 162 жетти. Алардын көбү жаш балдар. Окуя болгон учурда балдар ар кандай билим берүү уюмдарында болушкан.

Индонезияда жер титирөөлөр, вулкандардын аталышы жана цунами сыяктуу табият кырсыктары көп катталып келет. Анткени өлкө Тынч океан бассейниндеги жарака линиясында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM