Connect with us

Катар-2022: Ирандык футболчулар өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 22 Ноя 2022 | 411 | 0

Кечээ, 21-ноябрда Иран курама командасынын футболчулары дүйнөлүк чемпионаттын биринчи турунун Англия командасына каршы беттешинин алдында гимнди ырдоодон баш тартышты.

Улуттук гимн учурунда Иран командасынын оюнчулары унчукпай турушту. Алар мындай кадамга учурда Ирандагы массалык нааразычылыктарга катышкандарды камоо жана аеосуз жазалар берип жатканына каршы пикир билдирүү үчүн барышты.

Дохадагы «Халифа» стадионунун трибуналарындагы күйөрмандар футболчулардын чечимин колдоп турду.

Сентябрдын ортосунан бери Иранда нааразычылык акциялары болуп жатат. Алар хиджабды туура эмес кийгени үчүн полиция кармап, андан кийин каза болгон Махса Амининин өлүмүнөн улам келип чыккан.

Ал эми оюн 6:2 эсеби менен жыйынтыкталып Англия курама командасынын пайдасына чечилди. Эсепти 35-мүнөттө жарым коргоочу Жуд Беллингем ачса, 43-мүнөттө дагы бир упайды Хавбек Букайо Сака алып келди.

Ирандыктардын пайдасына эки голду чабуулчу Мехди Тареми киргизди.

Мындан тышкары, Иран курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында бир матчта алты жолу алмаштыруу жасаган биринчи команда болуп калды.

Эреже боюнча, бир оюнда беш гана жолу алмаштырууга уруксат берилет. Бирок ирандыктардын дарбазачысы оор жаракат алгандыктан алтынчы ирээт алмаштырууга туур келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM