Connect with us

Салык кызматы электрондук рейддик көзөмөл кызматын киргизди

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 250 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын ноябрынан тарта «Электрондук рейддик салык көзөмөлү» (Э-Рейд) системасын ишке киргизди. Электрондук рейд жүргүзүү үчүн кызматкерлерге зарыл болгон техникалык талаптарга жооп берген 300 планшет алынды.

Э-Рейд – борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Анда жүргүзүлгөн рейддик көзөмөл жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, анын негизинде рейддик текшерүүгө алына турган субъектилерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Ошол эле учурда салык төлөөчү “электрондук графикалык кол тамга” же “eIDнин жардамы менен кол тамга” функциясы менен электрондук документке кол коё алат.

Мындан тышкары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салык органдарынын кызматкерлери жеринде планшеттердин жардамы менен «Ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук картасына» тиешелүү маалыматтарды, өзгөртүүлөрдү киргизишет.

Э-Рейдди колдонуу маалымат издөөгө же документтерди толтурууга кеткен убакытты кыйла кыскартат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM