Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 21-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Бишкекте 21-ноябрга караган түнү жана күндүн биринчи жарымында жаан жаабайт, түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус болот.