Биз менен байланышыңыз

УКМК: Камчы Көлбаев кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин кое берилди

Кыска кабар | 18 Ноя 2022 | 1583 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев (К.Асанбек) жана анын жакын санаалашы деп эсептелген 10 адам кармалганын кабарлады.

Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кое берилгенин УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, алар 16-ноябрда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) «Булат-М» мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда «Карасай» чек ара пунктунан кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана  «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү  тапанча) табылган.

Көлбаевдин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери аныкталган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2021-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM