Биз менен байланышыңыз

Аял ишкерлер эркектерге караганда кирешеси көп, чыгашасы аз

Коом , Экономика | 17 Ноя 2022 | 773 | 1
Иллюстрациялык сүрөт

19-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкердүүлүгүнүн күнү 140тан ашуун өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленип келет. БУУ тарабынан 2014-жылдан бери колдоого алынып, ишкер айымдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, аларды колдоого багытталган.

Буга карата Бишкектке ишкер аялдарга форум уюштурулду. Ага бардык аймактардан ишкердик менен алектенген аялдар катышып, тажрыйба алмашуулар, тренинг жана өнөктөштөрдү табууга шарттар түзүлдү.

Нарын облусунан келген 51 жаштагы Чолпон Шабдыраева Нарында ишкер айымдар үчүн бизнес-план, санариптик көндүмдөр боюнча курстарды ачып, аялдарды окуткан борборду жетектейт.

Шабдыраева бул иш-чара башка ишкер аялдар үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк деген ойдо.

“Бүгүнкү форум бизге окшогон айыл жергесиндеги аялдарга эң чоң мүмкүнчүлүк. Бул иш-чара аркылуу биз көптөгөн форумдарга катышып, жаңы билимдерди алып жатабыз жана инвесторлорду тапканга да жакшы шарттар түзүлүп жатат. Бул иш-чаралар жеке өзүмдүн бизнесиме чоң салымын кошуп, анын өркундөшүнө аябагандай чоң жардам берди”. 

Дагы бир ишкер айым, 30 жаштагы Жибек Кубатбекова Ош облусунун Чоң-Алай районунда тигүүчү цехин ишетип келет.

Ал бизнес кылган аялдарга дем берүүнү жана жаңы өнөктөштөр менен иштешүүнү каалайт.

“Бул форум былтыр биринчи жолу Чоң-Алайда өткөрүлүп жакшы жыйынтыктар болгон. Мындан ары биздин айылда да ушундай деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууга, коомду ишкердик багытта өнүктүрүүгө максатым бар. Бүгүн болсо спикер катары тажрыйбам менен бөлүшөм жана жаңы өнөктөштөрдү табууга ниеттенип жатам”.

Ал эми ишкер айым Перизат Тойчубекова “жалгыз дарак – бак болбойт” деп, айымдар бириксе гана бизнес чөйрөсүн жаңы деңгээлге чыгара алат деген пикирде.

“Жаныбыздагы жана алыскы аймактардагы айымдар эмне менен алектенип жатканын бири-бирибизди көрүп мотивация алабыз. Себеби алар бизди көрүп, биз аларды көрүп түздөнүп, жакшы тажрыйбаларын эске алып практикада колдонуп жатабыз. Өкмөт тарабынан да ишкер айымдарга көңүл бурула баштаганы албетте кубандырат”.

Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү — өлкөдөгү жакырчылыкты жоюунун жана жамааттардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн алдыга жылдыруунун натыйжалуу жолдорунун бири.

Былтыр өлкөдө 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Анын алкагында быйыл бардык аймактардагы айымдарга ишкердикти баштоо жана өнүктүрүү боюнча окутуулар өткөрүлгөнүн “Курак” аялдар форумунун мүчөсү Кундуз Асаналиева айтып берди.

Окутуулардын негизинде ишкер айымдар беш негизги багытта жаңы билимдерди ала алат.

“Мамлекет тарабынан жакшы программа бекитилип, ишкер айымдарга колдоо көрсөтүлүп, бардык аймактарда беш негизги тема боюнча окутууларды өткөрүп келдик. Ишкер айымдарга туризмди өнүктүрүү, финансылык сабаттуулук, бизнести өнүктүрүү, билим берүү жөнүндө жаңы маалыматтар берилди.”

Азыркы тапта ишкерлер үчүн жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Бизнес саясаты башкармалыгынын башчысы Муса Катаганов билдирди.

Мыйзам долбооруна “аял ишкер” деген жаңы норма киргизиле турганын түшүндүрүп берди.

“Жаңы мыйзам долбоорунда “ишкер аял деген ким?” суроого так жооп көрсөтүлгөн норма кирип жатат. Бугүнкү күндө аталган мыйзам долбоору министрликтер менен макулдашууда турат. Эл аралык уюмдардын жардамы менен аймактардагы 1500дөн ашуун аял ишкерлерди окутуп келдик. Мындын ары дагы ушундай иш-чаралар уланат жана биздин айымдарга жардам берилет”.

Бүгүнкү форумду Борбор Азиядагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу коалициясынын мүчөсү болгон «Курак» аялдар форуму уюштурду.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аял ишкерлер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасайт. Кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ишкерлердин 30% аялдар түзөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Асанбекова Майрамкүл Макешовна

    20.11.2022 14:25

    Кантип мүчө болуп кирүүгө болот?Сиздердин уюм жакты.Мен да ишкер айым болсом дейм.Колдоо бере аласыздарбы?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM