Биз менен байланышыңыз

Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу макам берилерин айтты (видео)

Кыска кабар | 17 Ноя 2022 | 442 | 0

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине статус-кво берилип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында айтты.

Бүгүн депутаттар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча Өзбекстан Республикасы менен макулдашууну карап жатышат.

Жапаров Төрт-Көчө аймагы боюнча протоколго кол коюлганын, Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын айтты.

«Сиз кол коюп жиберген протокол боюнча бир нече жолу сүйлөштүк. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда «кол коюп берип эле аткарбайт» деп көрсөтүштү. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. «Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун» деп, ушуга макул кылдык. Эгер мындан кийин айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухка түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот. Ортодогу үйлөр алынат. Тажикстан тараптан 20дай үй, биз тараптан үч-төрт үй чыгарылып жатат», — деди Садыр Жапаров.

Төрт-Көчө аймагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Төрт-Көчө тилкеси боюнча протоколго кол койгон. Ага ылайык, Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу каралган. Бирок Мадумаров документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет.

Мадумаров протокол чыры боюнча беш жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берген.

Copyright © 2017 Maral FM