Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин абактагы мүчөлөрү депутаттарга кайрылышты (текст)

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 885 | 1

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин түрмөдөгү мүчөлөрүнүн атынан абактагы саясатчы Равшан Жеенбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.

Анда депутаттарды ратификация кылуудан баш тартууга чакырышкан.

«Урматтуу депутаттар, президент Садыр Жапаров башында турган аткаруу бийлигинин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин токтотуу жана жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү эми силердин гана укугуңар жана милдетиңер. Бул дүйнөдөгү бардык парламенттердин жаратылышы, практика жана мыйзам. Кемпир-Абадды элибизге Кудай берген, жаратылыш белек кылган стратегиялык өзгөчө жерибиз жана суубуз.

Тарыхтагыдай эле элибиздин менчигинде кана урпактарыбызга дагы, боордош өзбек туугандарыбызга дагы эбегейсиз көп пайда алып келет. Кыргыз жерине, кыргыз суусун сактап, ал сууну боордош элибиздин экономикасынын, айыл чарбасынын, фермерлеринин өнүгүүсү үчүн бекер берүүдөн артык урмат-сый болобу?

Тилекке каршы, жогорку бийлигибиздин, Кемпир-Абад суу сактагычын курууда жана пайдаланууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген Өзбекстандан Кыргызстанга жерди (компенсация) элибизге алмашуу (обмен) катары көргөзүп, алдоо, манипуляция, жашыруу аркылуу Кемпир-Абадды өткөрүп берип атканы, биздин, түрмөдө жатсак дагы зээнибизди кейитет, намысыбызга тиет.

Кечээ, Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек ара келишимин үч окууда бир жактырды.Премьер-министри Абдулла Арипов парламентте сүйлөп атып, өзбек бийлиги стратегиялык утушка ээ болгонун айтты. Кемпир-Абадды Өзбекстандын менчигине алуу албетте стратегиялык утуш.

Урматтуу депутаттар, өзгөчө Өзгөндөн, Кара-Суудан, Оштон жана Жалал-Абаддан шайланган депутаттар, элибиздин — жерибиздин стратегиялык утулушун кантип мыйзамдаштырып бересиңер? Кемпир-Абад эч качан талаштуу болгон эмес! Кемпир-Абад талашсыз кыргыз жери! Өзгөндүн, Кара-Суунун, Оштун жери!

Урматтуу депутаттар, тарыхта урпактарыбыздын алдында «кыргыз жеринин аймактык бүтүндүгүн бузуп, Кемпир-Абадды өткөрүп берген саткындар» деген оор атты өзүңөргө албагыла. Ратификация кылуудан баш тарткыла. Жерибиздин аймактык бүтүндүгү, элибиздин намысы, урпактарыбыздын келечеги силердин колуңарда» , — деп айтылат түрмөдөгү Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн билдирүүсүндө.

23-октябрдын таңында Равшан Жээнебеков жана 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитенин бардык мүчөлөрү күч кызматкерлери тарабынан кармалган. Аларга карата «Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда аталган шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Copyright © 2017 Maral FM