Биз менен байланышыңыз

Бүтүн Кыргызстан: Кемпир-Абад суу сактагычын берүү- кылым кечирбей турган жаңылыш чечим

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 609 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпир-Абад (Анжыян) суу
сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамынын долбоору боюнча билдирүү жасады.

Анда дүйнөлүк окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, 2035-жылдан баштап, дүйнөдө ичүүчү таза суу жетишсиздиги баштала тургандыгы баса белгиленип, Кемпир-Абад суу сактагычын берүү -бул кылым кечирбей турган жаңылыштуу Чечим боло тургандыгы айтылган.

Ошол эле учурда «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы «Эмне балдарыбыздын, келечек муундун ырыскысын тынч эле берели деп турасыңарбы?! » деген суроо салган.

Билдирүүдө белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-главасынын 3-беренесинде көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 1-главасынын 4-беренесинин 1-пунктунда, «Кыргыз Республикасынын суу ресурстары өзгөчө жана бөлүнгүс мамлекеттик менчик болуп саналат. Ар бир адам ушул Кодекстин жоболоруна ылайык мамлекеттик чегаранын алкагындагы суу ресурстарын пайдаланууга укуктуу» жана 2-пунктунда «суу объектилери же мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулуштары ээлеп турган суу фондунун жерлери мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат.

Ушуларга таянып, Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, «Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин» — деп ар бир депутат мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого ант берип келгени белгиленген.

Ошондой эле ушул жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбооруна добуш берүү жүрүп, бирок жыйынтыгында комитеттин төрагасы комитеттин чечимине кол койбой койгондугу, Комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоорго каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткандыгы, депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени белгиленген.

Бирок 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун комитетте каралып, добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков жана Эрулан Кокулов маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, кворум түзбөө максатында жыйындан чыгып кетишкендигине карабай, долбоор комитетте жабык каралып, кабыл алынгандыгы айтылган.

(Тактай кетсек, 31-октябрда комитет жыйынына 11 депутат катышып, алардын ичинен 4 депутат протест катарында жыйындан чыгып кеткен. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жалпы 14 депутат мүчө. Кворум болушу үчүн жыйынга эң аз 8 депутат катышуусу керек болот. Ошентип комитеттин жыйынында кворум болгон эмес.)

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы 1965-жылдын 22-октябрындагы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин № 475-токтомунун 1-пунктунда Кемпир-Абад суу сактагычы Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна 5730,96га жерге курулсун деп белгиленгендигин жана 1975-жылдын 20-февралындагы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин № 74-токтомунда Кыргыз ССРи менен Өзбекстан ССРинин ортосундагы чек ара өзгөрүүсүз калсын деп так жазылгандыгын белгилеген.

«Жогорудагы токтом кабыл алынгандан бери нечендеген суулар акты. Анжиян суу сактагычы бат эле курулуп, 1970-жылдары пайдаланууга берилди. Ал Өзбекстандын талааларына жыл сайын миллиарддаган долларлык пайда келтирүүдө. Ал эми өлкө бийлигинин Кыргызстан үчүн бир катар суу чарба объектилерин курууну караган бөлүгүнө келсек, кагаз жүзүндө гана калды. Сол жээктеги Кемпир-Абад каналынын техникалык долбоору 1977-жылы, ал эми Сох суу сактагычы 1981-жылы бүткөрүлгөн. Эки объекттин тең курулушу баштала элек. Тилекке каршы, Өзбек ССРи Кыргызстандын алдындагы милдеттенмелерин аткарган жок. 1970-1980-жылдары Өзбекстандын жетекчилери аталган суу чарба объектилерин долбоорлоонун жана куруунун узак убакытка созулуп кетишинин себептерин материалдык-финансылык ресурстардын жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн. Кыргызстан алардын жоопторун түшүнүү менен кабыл алып, убада кылынганды чыдамдуулук менен күттү, бирок Союздун кулашы биздин узак мөөнөттүү күтүүлөрүбүздүн аягына чекит койду» –деп эскерет мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев.

«Бүгүнкү күндө Өзбекстан “Кемпир-Абадды” убактылуу иштеткени үчүн гана СССР учурунда жерлерди компенсациялап берген (алмашылган да, өтүп кеткен дагы эмес), мындан сырткары өзбек тарап негизги өзүнө жүктөлгөн милдеттерин бүгүнкү күнгө чейин аткарган эмес.

Ар бир жаран туулган жерин, өлкөсүн, каада-салтын, тарыхын урматтап, сүйүп, сыймыктанган атуул болушу абзел. Ал үчүн өткөндү аздектеп, ата-мурасын баалай да, сактай да билиши керек!», — деп жыйынтыкталат билдирүү.

Билдирүү толугу менен: tmpD023.tmp

Copyright © 2017 Maral FM