Биз менен байланышыңыз

Салык төлөө маданиятын калыптандырууга багытталган форум уюштурулду

Коом , Экономика | 16 Ноя 2022 | 677 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте “Салык кызматы – салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн” аттуу темада алгачкы Улуттук форум өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, салык төлөөчүлөр катышты. Форум президенттин администрациясы жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан уштурулду. Анда жаңы салык кодексиндеги орчундуу өзгөртүүлөр, ишкерлерди түйшөлткөн салык маселелери талкууланды.

Өкмөт мектеп программасына салык жана салык төлөөчүлөр боюнча атайын сабак киргизүү сунушун карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев улуттук форумда билдирди. Анын айтымында, мындай чара өсүп келе жаткан муундун салыктык милдеттенмелерге туура мамилесин калыптандырууга жардам берет.

«Өсүп келе жаткан муунга салык төлөө биздин ыйык милдетибиз экенин жөнөкөй тил менен түшүндүрүү максатында мектептерге салыктар боюнча сабак киргизүү демилгеси бар».

Касымалиев кошумчалагандай, Кыргызстанда көмүскөдөгү экономиканы кыскартуу үчүн салык төлөөнүн ыңгайлуу жана жөнөкөй механизмин түзүү керек. үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Салык кодекси салыктык башкарууну оптималдаштырууга, системанын туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун айтымында, форумдун негизги максаттарынын бири — калктын салык төлөө маданиятын жогорулатуу болуп саналат. Ал салык маданияты предметин мектеп программасына киргизүү мүмкүнчүлүгү талкуулана турганын кошумчалады. Абдувапов акыркы 10 айдагы салык чогултуулар боюнча статистикалык маалыматтарды айтты.

“Үстүбүздөгү жылдын 10 айында салык кызматы тарабынан 125 млрд сомдон ашык салык жана төлөмдөр чогултулган. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 39,5 млрд сомго көп. Мунун баары фискалдык органдарды башкарууну күчөтүүнүн эсебинен көбөйүүгө жетишти.”

“ЖИА” бизнес ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев бүгүнкү форум мамлекет тарабынан уюштурулганы кубандыра турган нерсе экенин белгиледи. Ал бизнес өкүлдөрү салыкты нааразы болбогондой төлөй турган абалга жетүү маанилүү деп эсептейт. Ошондой эле салык мыйзамдары жөнөкөйлөштүрүлүп, карапайым калкка жеткиликтүү болгондо гана өлкөдө салык төлөөнүн абалы жакшырып, мамлекет өнүгүү жолуна кадам таштайт деген пикирде.

“Чынында салык маселеси абдан маанилүү. Анткени, салык – казынаны түзөт. Ал эми казына – мамлекеттин экономикалык, финансылык каржылык негизин түзөт. Курсак тойбосо маселе чечилбейт эмеспи. Андыктан, мамлекеттин бутуна турп, өсүп өнүгүшү үчүн салыктын мааниси абдан зор. Ушундай форумдар мындан кийин да уюштурулуп, анын жыйынтыгында мамлекет жана бизнес өкүлдөрү орток пикирди тапса — көп маселелер чечилет”.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонууга байланыштуу «Чакан жана орто ишкердик субъекттерди колдоо тууралуу» жарлыкка кол койгон. Өкмөткө ККМ боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүү тапшырылган. Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. ККМ колдонуу талабына ишкерлер былтыртан бери каршылыгын билдирип келүүдө. Бир нече жолу нааразылык акциялары да өткөн.

Жеке ишкер Чыңгыз Алканов көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү талабы айрым ишкерлер үчүң кийинкиге калтырылганы – жакшы чечим болгон деп эсептейт.

“Муну менен сатуучулардын, бизнес ээлеринин үнү бийлик башындагыларга жетип, ККМди азырынча киргизбей турганы алардын иштешине жашкы өбөлгө түздү”.

Расмий маалыматка караганда, ККМ киргизилгенден бери аны колдонгон ишкерлердин саны 55 миңге чукулдады. Дагы 50 миңге чукул ишкер аны колдоно элек.

Форумдун алкагында катышуучулар үч дискуссиялык сессияда салык салуу, “СМАРТ Салым” санариптештирүү долбоору жана калктын салыктык сабаттуулугу менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты. Алсак, жаңы Салык кодексинин ишкерлер арасында активдүү талкууга коюлуп келген ченемдери, анын жоболорунун иш жүзүндө колдонулушу каралды.

Мындан тышкары, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жолдору талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM