Биз менен байланышыңыз

Юрист: Добуш берүү процедурасын комитетке кайра чыгаруу керек

Саясат | 16 Ноя 2022 | 907 | 0

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча тармактык комитеттин отуруму жана комитеттин чечиминин легитимсиз болгонун айтып чыгышты. Комитеттин чечими мыйзамсыз болгондугу коомчулукта кызуу талкууланып, анын жокко чыгышын талап кылышууда. Комитеттин чечими мыйзамсыз болгон учурда эмне кылуу керек? 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимди кароодо Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин чечими мыйзамсыз болгонун айтып чыкты. Анын түшүндүрмөсүндө регламенттин талабына ылайык,  «комитеттин 14 мүчөсүнүн көпчүлүгү катышканда кворум түзүлөт, 14 кишинин көпчүлүгү 8 болот, ал эми 7си жарымы болот. Демек, 14түн көпчүлүгү сегиз болушу керек эле. Бирок чечим кабыл алууда 7 депутат гана катышкан.

«Эгерде биз Жогорку Кеңештен мыйзамдын аткарылышын талап кылбасак, анда башка жерден мыйзамдын аткарылышын талап кылганга укугубуз жок. Кечээ биздин комитеттин жыйыны өттү. Анда регламенттин талабына карабай, 7 киши отурса, «кворум бар, чечим кабыл алына берет» деген чечимди колуна карматып берди. Биз өзүбүз конституциялык мыйзамды бузуп жаткандан кийин, аны кимден талап кылабыз? А регламентте комитет  мүчөлөрүнүн көпчүлүгү деп жазылып турат. 14 кишинин көпчүлүгү 8 болот, ал эми 7си жарымы болот. Ошондуктан урматтуу төрага, сиз мыйзамдын аткарылышы, калыстык үчүн күрөш жүргүзгөн адам катары, кечээ өткөн комитет жыйынынын мыйзамдуулугу боюнча позицияңызды билдирип койсоңуз».

Кечээ Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоору» жана «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» макулдашуунун долбоорун карап, жети депутат «макул» деген добуш берген. Алар: Улан Примов, Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова, Жылдыз Таалайбек кызы, Улан Бакасов, Ырысбек Атажанов жана Шайлообек Атазов.

Ага чейин төрт депутат келишимге каршылык билдирип, кворум болбошу үчүн жыйын залынан чыгып кетишкен. Алар: Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова.

Жогорку Кеңештин юристи Бабуржан Мамытов жыйынга комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышкандыгын жана кворум болгонун билдирген.

«Комитеттин жалпы 14 мүчөсү бар. Анын ичинен жетөөсү катышууда, кворум бар».

Ал эми вице-спикер Улан Примов комитеттин чечими акыркы эместигин, негизги чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алына тургандыгын белгилеген.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева мыйзам долбоорду добушка коердун жана чечим кабыл алардын алдында депутаттарды тактоо зарылдыгын, көпчүлүктү түзүш үчүн эң аз 8 депутат каттоодон өтүшү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жагдай боюнча регламент боюнча добуш берүү процедурасын кайрадан комитетке чыгарыш керек.

«Эл тарабынан кабыл алынганда легитимдүүлүк дейт. Бүгүнкү күндө жалпы бул маселелердин үстүндө болуп жаткан нерселердин легитимдүүлүгү төмөн. Бирок кечээки тармактык комитеттин биринчи жыйыны мыйзам чегинде болду. 14 депутаттын 12си отурду, жыйындын жалпы талкуулоосу мыйзамдуу болду. Кийин добушка коердун алдында беш депутат чыгып кетиптир. Добушка коердун жана чечим кабыл алардын алдында дагы депутаттардын санын тактоо зарыл. Эгерде тактоо учурунда 14 депутаттын көбү дегени, жарымы жети, ал эми көпчүлүктү түзүш үчүн минималдуу 8 депутат болушу керек. Алар добуш берердин алдында каттоодон өтүшү керек. Анан ошол көпчүлүктүн добушу менен чечим кабыл алынат. Эми регламентке таянганда добуш берүү процедурасын кайра башынан комитетке чыгарышы керек. Жогорку Кеңештин регламентиндеги 27-82- беренелер ошону тастыктап турат. Ал кийинки жумага түшүп калат».

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кемпир-Абад боюнча өткөн тармактык комитеттин чечиминин мыйзамдуулугу боюнча өз оюн билдирди. Анын айтымында, добуш берүү маселесинде жаңылыштык болгон.

Ал ортодо Бишкектин Горький паркында Кемпир-Абад суу сактагычын берүүгө каршы мөөнөтсүз митинг уланды. Анда Кемпир -Абадды бербөө талабын коюшту.

15-ноябрда саат 13:00дө Ак үйдүн алдында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин ратификациясын четке кагууну өтүнүп, тынчтык митингине чыгышкан.

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров катышат. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселе каралары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM