Биз менен байланышыңыз

Орозайым Нарматова камакта калтырылды

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 263 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакта калтырылды. 

Бүгүн 16-ноябрда Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч каралып, канааттандырылган жок. Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылган. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармаган жана ал Кыргызстанга алып келинген.

Ал Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин айткандардын бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM