Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакта калтырылды.
Бүгүн 16-ноябрда Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч каралып, канааттандырылган жок. Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылган. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармаган жана ал Кыргызстанга алып келинген.
Ал Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин айткандардын бири.