Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Өзбек бийлиги Кемпир-Абад Кыргызстандын жери экенин далилдеп берди (видео)

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 607 | 0

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри толугу менен Кемпир-Абад Кыргызстандын жери экенин далилдеп бергендигин айтты.

«Кечээ бийликтин телеканалдары бир маанилүү маалыматты жаңылыктардан беришти. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек чек арасы боюнча парламентте сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кемпир-Абад толугу менен Кыргызстандын жери экендигин дагы бир жолу далилдеди. Ал минтип айтты: «Биринчи аргументи, биз мурда компенсация катарында жер бергенбиз. Экинчи аргументи, «биз стратегиялык утууга келдик» деп жатат. Үчүнчү аргумент катары «биз Кемпир-Абад боюнча алган жердин ордун толтуруш үчүн алган милдеттерибизди аткарган эмесбиз, канал курган эмесбиз» деп мойнуна алып жатат. Бул эмне деген сөз? Бул Өзбекстандын өкмөт башчысы дагы Кемпир-Абад толугу менен Кыргызстанга таандык экендигин дагы бир жолу далилдеди. Кыргыз бийлиги Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын тебелеп, тепсеп, Кемпир-Абадды мыйзамсыз, адилетсиз, улуттук кызыкчылыкка каршы Өзбекстанга берип жатат!» , — деди Жээнбеков.

23-октябрдын таңында Равшан Жээнебеков жана 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитенин бардык мүчөлөрү күч кызматкерлери тарабынан кармалган. Аларга карата «Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM