Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад: Кыргыз жарандарынын сууну пайдалануусуна тоскоолдук болбойт

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 503 | 0

Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишим түзүлдү. Долбоору депутаттардын кароосуна киргизилди.

Анын негизинде макулдашылган келишимдерди бири — суу сактагычтын айланасында эч кандай инженердик, техникалык курулмалар салынбайт. Кыргыз жарандары сууну пайдаланууга, мал сугарууга, айыл чарба багытында пайдаланууга тоскоолдук болбойт. Бул протокол менен бекитилгенин Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев айтты.

«Жалпысынан кандай жерлерди алганыбызды айта кетейин, Гавасай участогунан 12849 га жер, Көк-Серектен 105 га, Баятан участогунан 212 га, Унгар-Тоодон 31 га, Ак-Таш участугунан 100 га, Кара-Белестен 25 га, Өзгөн жана Сузак райондору үчүн миң гектар, суунун көлөмү 908ден 900 горизалталга түшкөндө 1246 га, жалпысынан 15 572 га жер аянтын Өзбекстандан алганга жетиштик» , — деди ал.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карап жатат.

Анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоору да каралат.

Copyright © 2017 Maral FM