Биз менен байланышыңыз

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 619 | 1

Бүгүн, 15-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. Ал Ак үйдүн имаратынын алдында турганда алып кетишкен.

Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу митинг өткөн. Бирок милициянын эскертүүсү менен катышуучулар Горький паркына кетишкен. Укук коргоочу митингге катышпаганын айткан.

Бир күн мурун Азиза Абдирасулова фейсбуктагы баракчасына аны Ички иштер министрлигине сүйлөшүү үчүн чакырышканын жазган.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун карайт. Ал ортодо бир топ жаран тынчтык митингине чыкты.

Азиза Абдирасулова менен кошо аны коё берүүнү талап кылган укук коргоочу Сапар Аргымбаев да кармалды.

Copyright © 2017 Maral FM