Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 15-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан сөз эркиндигине байланыштуу талкууга катышты. Ал анда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда отуз жылдан бери сөз эркиндиги болуп келгенин жана азыр да бар экенин айтты.
Султанбаев президенттик администрация ачык талкууга жана сунуштарды эске алууга даяр экенин белгиледи.
«Мен бул тууралуу буга чейин да айткам, сөз эркиндиги Кыргызстанда дайыма болгон. Сөз эркиндиги — бул биздин жетишкендигибиз деп айтсам жаңылышпайм. Курултай дайыма талкууга алынып келген. Сөз эркиндиги, пикирлердин плюрализми каныбызда бар. Азыр санариптик технологиялардын доору, коммуникациянын жаңы каражаттары пайда болуп, жоопкерчилик өзгөчө роль ойноп жатат. Жөнөкөй калктын калыс маалыматтарды алуусу абдан маанилүү. Өз оюн эркин билдирүү укугу да өзгөчө милдет жана жоопкерчилик», — деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы.
Бүгүн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору талкууланууда. Тегерек үстөлгө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Президентинин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушов, АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев, президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, журналисттер жана юристтер катышууда.
Иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, «Адилет» укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган.