Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялар Дүйшөмбүдө жолукту

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 422 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги кеңешмеси Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өттү.

Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганын УКМКдан кабарлашты.

Тараптар кийинки кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM