Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялар Дүйшөмбүдө жолукту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги кеңешмеси Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өттү.

Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганын УКМКдан кабарлашты.

Тараптар кийинки кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты.

"Протоколго кол койбой койгон тажик чиновниктери азыр жогорку кызматта отурат". Абдрахман Маматалиев

Exit mobile version