Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри Кулубаев Бельгияга кетти

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 212 | 0

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бельгияга иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтык кеңешинин 19-жыйыны өтөт. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле министр Еврокомиссиянын, Еврокеңештин жетекчилиги жана Бельгиянын тышкы иштер министри Х.Лахбиб менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Визиттин жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын экономикалык маселелери, өлкөдө Евробиримдиктин долбоордук жана программалык иш-чараларын жүзөгө ашыруу, Бельгия менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралат.

Copyright © 2017 Maral FM