Биз менен байланышыңыз

Салыктын жетинчи түрү «айдоочуларга жол салыгы» коомдук талкууда

Саясат , Экономика | 14 Ноя 2022 | 726 | 0

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандагы жолдорду оңдоп-түзөө жана ошол абалында сактоо үчүн айдоочулардан акча топтоону максат кылган «Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү» кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Документ өкмөттүн сайтына 10-ноябрда жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна калды. Мыйзам долбоорунун авторлору мындай сунушту өлкөдө унаалар көбөйгөн сайын жолдор талкаланып жаткандыгы менен түшүндүргөн. Айдоочуларга салык салуу менен жолдорду оңдоо канчалык туура кадам? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Өлкөдөгү жолдорду оңдоп-түзөөгө унаа ээлеринен акча топтоо сунушу жолдордун абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Мыйзамдын долбоорунда унаа жолдорун оңдоого жана сактоого акча алуунун өлчөмү жана тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Ал эми жол үчүн алынган жыйымдар Жол фондунун казыналык эсебинде топтолот.

Документте жылдан жылга өлкөдө автоунаалардын саны көбөйүп (2016-жылга салыштырмалуу өсүш 29 %ды түзгөн), мындан улам жолдор талкаланып жатканы белгиленген.

Бишкек шаарынын тургуну Бегимай Ниязбекова жол үчүн айдоочуларга салык салынуусуна каршы. Анткени ал чогулган акча жолдорду оңдоого колдонула тургандыгына ишенбейт.

«Мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Анткени унаанын көлөмүнө жараша унаалар бензин ичет. Ошондуктан аз бензин ичкен унаалар аз төлөп, көп бензин ичкен унаалар көп төлөп калат. Бирок экөө тең эле жолду бирдей колдонот. Бул жерде бир аз теңсиздик болуп калат. Мындан сырткары биз унаалардын салыгын төлөп жатабыз. Ал салыктан түшкөн акчалар кайсы жакка кетип жатканын биз билбейбиз. Кээ бир акча төлөнө турган дагы жолдор бар. Мисалы, Ала-Арча паркына кирген жолго төлөйбүз, Бишкек-Ош жолуна төлөйбүз, бирок ошол акчалар деле жолдун оңдолушуна жумшалган жок. Менде бул акчалар деле башка жакка жумшалып кетеби деген күмөн ой бар».

Ал эми айдоочу Ринат Макишев жолго салк салуу үчүн биринчи кезекте жолдорду кынтыксыз кылып оңдоо керек деген ойдо.

«Биз мындай өңгүл-дөңгүл жолдорго каршыбыз. Биринчи бардык жолду оңдоп-түздөп туруп, анан салык салууну сунушташса, анда ойлонуп көрмөкпүз».

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда унаа жолдорунун жалпы узундугу 34 миң кмди түзөт. Анын ичинен жалпы пайдалануудагы 19 миң 840 км Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында турат. Жүргүнчүлөрдү ташуунун 98%га жакыны жана жүк ташуунун 96 %дан ашыгы унаа жолдор менен ишке ашат.

2022-жылдын башында өлкөдө жалпы 1 млн 387 миң 551 унаа катталган. Анын ичинде 1 млн 103миң  445и жеңил унаа, 234 миң 650сү жүк ташуучу унаа жана 49 миң 456сы жүргүнчү ташуучу унаалар.

Айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакунов учурда транспорт каражаттарын пайдалангандыгы үчүн айдоочулар өкмөткө салык төлөп жатышкандыгын, ал эми салык төлөй турган жолдор Кыргызстанда курула электигин билдирди.

Анын айтымында, эл аралык стандартка ылайык келтирилген, айдоочуларга альтернатива катары сунушталган жолдорго акы төлөөгө болот.

«Кыймылдуу-кыймылсыз мүлктүн баарына эле салык салып, салыкка отуруп алган өлкө болуу туура эмес. Унаа айдаганыбыз үчүн салык төлөп жатабыз. Ошол эле учурда жолдордун баары акылуу эмес. Эл унаага дагы, жолго дагы төлөсө, анда мамлекет эмне кылышы керек? Мисалы бирөө жолдорго кошумча жол салып, «ушул жол менен өтсөңөр төлөйсүңөр» десе туура болот. Бизде андай жолдор курула элек жана алар башка нормада курулушу керек. Төлөм төлөй алгандар үчүн башка жол жана төлөй албагандар үчүн башка жол болушу керек». 

Өткөн жылы Жол фонду түзүлгөнү менен талкаланган жолдорду оңдоого андагы каражат жетишсиз. Унаа жолдорду сактап туруу үчүн жылына 10 миллиард сом керектелет. Ал эми республикалык бюджеттен эки миллиард сомго жакын акча бөлүнөт, бул бир чакырым жолго 100 сом дегенди билдирет.

Ушуга байланыштуу унаа ээлеринен акча чогултуу жолу менен буга чейин курулган жолдорду нормада кармоо жана жаңы жолдорду курууга шарт түзүүнү камсыздаган мыйзам-укуктук негиздерди киргизүү зарыл экендиги белгиленген. Тактап айтканда, анда төмөнкүлөр каралат:
  • жолдорду оңдоп-түзөөгө жана аларды жакшы абалда кармоого каражат топтоо;
  • унаалардын дөңгөлөктөрүн, анын ичинде мурда колдонулган дөңгөлөктөрдү утилизациялоого каражат топтоо;
  • транспорт каражаттарынын жарактан чыккан тетиктерин, иштетилген майларды утилизациялоо.

Жол фондунун орун басары Акылбек Мусабаевдин айтымында, жолго салына турган салыктын баасы боюнча эксперттер иш алып барып жаткандыгын белгилеп, 30 тыйындан 1 сомго чейин болушу мүмкүн экендигин айтат.

Демилгечилер бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен Жол фондуна 2 млрд сомго жакын каражат түшөрүн божомолдошууда.

«Негизи жолго салык салуу дүйнөлүк тажрыйбада колдонуп келе жатат. Ошол эле учурда коңшу өлкөлөр болгон Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда бар. Азыр биздин эксперттер салыктын өлчөмүн карап жатышат. Ал жерде көп деле салык салынбайт. 30 тыйындан 1 сомго чейин болушу мүмкүн. Мисалы сиз унааңызга 10 литр май куйсаңыз, ага 5 тыйындан салык кошулса, анда 5 сом кошуп берип коесуз. Азыр бизге жыл сайын бир эле суммада акча бөлүнөт. Биз ага эч нерсе кыла албайбыз. Ошондуктан бизде атайын Жол фонду түзүлгөн, ал жерге тиешелүү салыктын бары келип түшөт дагы, жолго гана сарпталат. Азыркы киргизип жаткан мыйзам долбоору менен 2 млрдга жакын акча чогулат деп болжолдоп жатабыз». 

Жолдорду оңдоо жана аны жакшы абалда кармоо үчүн каражат айдоочулар унаасына куйган күйүүчү майдын ар бир литрине аныкталган бир сумманы алуу менен топтолот. Мында «ким унаа менен көп жүрсө, ал ошончо көп төлөйт» деген принципти колдонгон өлкөлөрдүн практикасы пайдаланылат.

Кыргызстанда темир жол менен 2% гана жүк ташылса, калган 98% жүк кара жол менен ташылгандыктан, жолду колдонгондугу үчүн айдоочуларга салык салуу товарлардын баасынын өсүшүнө алып келе тургандыгын Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев айтат.

«Биз деле өнүгүп жаткан өлкө болгондуктан транспорттон чыккан таштандыларды кайра иштетүү үчүн бир чара көрүшүбүз керек жана каражат топтошубуз керек. Кичинеден акырындан киргизсек бул туура эле саясат болот. Биринчиден, бизде ошондой маданият пайда болот. Экинчиден, төлөгөн кишилер дагы ошого көнүп, чыр чатагы жок төлөшөт. Бирок муну акырындык менен жасаш керек. Башында эле олчойгон каражат койсо, элдин кыжыры келет. Себеби, 98% автотранспорт иштеп атса, ошончо айдоочу бар. Ошолор нааразы болбогондой болуш керек. Бул салык эми коомду нааразы кылышы ыктымал. Болбосо чын эле эски дөнгөлөктөрдү жоготконго, асфальттарды кайра оңдош керек, булардын баарына акча төлөнүшү керек. Өнүккөн мамлекеттерде мунун баары жасалат. Жалгыз гана айдоочуларга күч келет. Анткени 99% шоопурлар жеке ишкерлик менен алектенет. Биздеги юридикалык транспорттук компаниялар салык төлөбөй, аларга патент алып берет. Ошонун баары тескери тасир этет. Ошол себептен айдоочуларга эми кыйын болот. Аларды коргогонго юридикалык уюмдар жардам бериши керек эле. Бирок транспорттук компаниялар жокко эсе. Бул факты түрүндө бар, бирок расмий түрдө жок. Алар салык төлөгөнгө келгенде жок болуп жатышат. Бул абдан чоң көйгөй, ошондуктан биздин транспорт тармагы өнүкпөй жатат».

Doing Business рейтингинде салык системанын татаалдыгы деген рейтинг бар. Салыктын түрүнүн көбөйүшү өлкөнүн инвестициялык климаты үчүн терс таасирин тийгизе тургандыгын экономист Эльдар Абакир билдирди.

«Бул салык кошулса анда Кыргызстанда салыктын жетинчи түрү болот, бензинге ансыз деле акциз салыгы салынат. Анын үстүнө кошумча салык ойлоп табуу туура эмес. Бензиндин баасынан элден дагы акча алабыз дешсе, анда акциз салыгын эле көтөрүп коюш керек. Кошумча салыктын түрүн олйоп табуу туура эмес. Бир тоннага 5 миң сом акциз салыгы салынып келген, ошону эле көбөйтүп койсо, көбүрөөк салык алынып, күйүүчү майдын баасы кымбаттайт». 

Өлкөдө мотор майларынын унаадан сыртка агып чыгышы да буга чейин эске алынбай келген. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Бишкектин өзүндө эле унаалардын картерлеринен жыл сайын 20 тоннадан аз эмес иштетилген май агат.

Copyright © 2017 Maral FM