Биз менен байланышыңыз

Чек арачы жоокердин өлүмүндөгү шектүү жагдайлар

Коом | 11 Ноя 2022 | 300 | 0

10-ноябрда Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болгондугун УКМКнын басма сөз кызматы маалымдаган. Жоокер таңга маал дене табынын ысыганына жана тамагынын оорусуна даттанып, 9-ноябрда аскер бөлүктүн медициналык пунктуна кайрылган. Натыйжада санитардык бөлүккө жаткырылган. Түштөн жоокердин абалы кескин начарлап, кан куса баштаган. «Тез жардам» чакыртылып, дарыгерлер келгенде анын жан бергенин аныкташкан. Бул расмий маалымат, себеби туугандары жоокер оорудан эмес, аскер бөлүгүндөгү өкүмзордуктан улам каза болгонун айтып жатышат.

Кыргызстанда буга чейин да кызмат өтөп жаткан бир нече аскердин өлүмү катталган. Кененирээк алдыда токтолобуз. 

18 жаштагы Айжигит Таалайбек уулу Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөй баштаганына бир ай эле болгон.

Маркумдун жакындары анын өлүмү тууралуу кабарды 9-ноябрда укканын айтышты. Алар расмий органдар берген маалыматтарга ишенбей, аскердин ден соолугу жакшы болгонун белгилешүүдө. Жакындары маркумдун денесиндеги көк ала тактар күмөн жаратып жатканын айтышууда.

Маркум жоокердин апасы Батма Бусурманкулова, уулу армияга өз каалоосу менен кеткенин көзүнө жаш алып айтып берди. Ал чындыкты издөөгө коомчулуктан жана бийлик башындагылардан жардам сурап, уулунун өлүмүнө себепкерлерди таап, мыйзам чегинде жазага тартылуусун талап кылды.

“Ушинтип эле ата-энелер уулдарын армияда жоготуп сыздап кала беришеби? Армияга балдарыбызды жакшы ниет менен жөнөтсөк, анан алардын сөөгү келип жатса биз кантебиз? Чындык барбы Кыргызстанда? Бийлик башындагылар угабы биздин көйгөйдү? Биздин үнүбүз жетеби аларга? Чырактай баламдан айрылып калдым”.

Ата-энеси Айжигит менен үч күн мурун сүйлөшкөндө, ал баары жайында экенин гана айткан. Аны менен кошо кызмат өтөгөн аскерлер эч нерсе айтпай коюшкан.

Жакындары сөөктү көрүү үчүн өлүкканага барганда аскердин оозу скотчтолгон абалда болгонун айтышты. Скотчту алса эле оозунан кан куюлуп кеткен. Ошол жактагы кызматкер ата-энесине Айжигиттин жүрөгү айланып кусканда боору кошо чыгып кеткенин айтышкан.

УКМКнын Чек ара кызматынын Маалымат жана коммуникация башкармалыгынын улук офицери Эламан Жунушалиевдин билдиришинче, бул окуя боюнча тиешелүү маалымат берилип, анын себептерин жана жагдайларын тактоо иштери башталган.

“Аскер кызматкердин өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн аскер кызматкердин сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага Аскердик прокуратура жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышкан. Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлгөн.”

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын пикиринде, маркум жоокер аскер бөлүгүндө ур-токмокко кабылган.

Себеби аскерге чакырылгандар медкомиссиянын эки этабынан өтүшөт, ага кошумча дагы армияга жөнөтүлгөнгө чейин акыркы жолу өтөт. Эгер Айжигиттин оорулары болгон болсо анда ал ошол жерде аныкталмак.

Же аскер сабалган, же медициналык комиссия өз милдеттерине шалаакы мамиле кылганы болжолдонууда. Дени сак жүргөн жигит бир күндө кансырап өлбөйт деген ойлор айтылууда.

“Негизи армияга оорукчан бала оңой бара албайт. Бир айдан кийин анан: «Психикалык жактан жабыркайт», «Аскер өз өмүрүнө кол салды», «Оорукчан болуп калды», — деп көп айтышат эмеспи. Мындай болуп жаткан болсо анда аскер комиссариаты өз ишине шалаакы мамиле жасап жатат. Аларды жана медициналык комиссияны жоопкерчиликке тартуу зарыл. Мен ойлойм, Айжигит медициналык кароодон жакшы эле өткөн, ал аскер бөлүгүндө эле сабалып, ур-токмокко кабылган.»

Укук коргоочу белгилегендей жоокердин өлүмүн тергөө иш-чаралары ыкчам жүргүзүлүүсү керек. Бирок иликтөө иштерин Аскер прокуратурасынан алып, Башкы прокуратурага берүү туура болот. Себеби Аскер прокуратурасында тааныш-билиш жана башка күмөндүү жагдайлар орун алып, иш тыкыр иликтенбей калышы мүмкүн.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткендеги өкүлчүлүгү жерине барып окуя менен таанышып келгенин айтты. Ал азыркы тапта документтер даярдалып чечимдер жана сунуштар берилерин, жоокердин өлүмүнүн себептери сөзсүз иликтенерине ишендирди.

«Биз быйыл «Аскер кызматында уставдан сыркаркы мамилелер тууралуу» иликтөө кылдык. Кыйноолор, өкүмзордукка кабылгандарды, акча өндүрүп алуу боюнча окуяларды иликтеп чыктык. Бул окуяны ошол иликтөөгө да коштук. Биздин кызматкерлер окуя болгон жерге барып таанышып келишти. Эми аскердин ата-энеси, жакындары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Мындан сырткары, аскер бөлүгүнө барып башка аскерлер менен анонимдүү сурамжылоо өткөрөбүз. Бул иш көзөмөлүсүз калбайт». 

Аскерлердин армияда кызмат өтөө учурундагы өлүм учурлары көбөйүүдө. Соңку төрт айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан беш аскер каза тапты.

Муну менен бирге армияда зомбулукка кабылган да учурлар жок эмес.

Бул маселени жакында эле депутаттар да көтөрүшкөн. Эл өкүлдөрү аскерлердин өлүмүнө Коргоо министри керт башы менен жооп бериши керектигин айтып, аны кызматтан кетирүү талабын коюшкан.

Талдоочулардын пикиринде, кыргыз армиясында кызматта жүрүп ажал тапкандардын көбөйүшүнө  кысым көрсөткөндөрдүн жазасыз калышы себеп болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM