10-ноябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун чек аралаш айылдарына иш сапары менен барды. Анда Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган Лейлек районунун Сада, Интернационал, Максат, Арка айылдарында болуп, калыбына келтирүү иштери менен жеринен таанышты. Жергиликтүү бийликке жарандардын турак үйлөрүн бүтүрүүнү тездетүү боюнча зарыл болгон бардык шарттарды түзүүнү талап кылган.
Ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү жашоочулар менен да жолугушуп, элдин үнүн уккан. Жарандар электр энергиясы, жөлөк пул, турак үйлөрдүн кызыл китеби, жол, суу маселелерин көтөрушкөн. Облус башчысы тиешелүү кызматтын жетекчилерине жарандардын маселелерин чечип берүүнү жеринде тапшырган.
Мындан сырткары чек ара окуясында жабыр тарткан жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлгөн. Ишкерлер Интернационал айылындагы «Достук» базарын тез арада калыбына келтирип, ишке киргизүү жана жеңилдетилген насыя берүү маселесин айтышты. Абдикарим Алимбаев ишкерлердин маселесин угуп, жакынкы күндөрү базар калыбына келтирилип, ишке кирээрине убадалаган.
Баткен: Интернационалдагы тонолгон базар жана дүкөндөр (сүрөт)