Асеин Исаев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда Нуран Ниязалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Асеин Исаев жакында эле Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулган. Ал Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2019-жылдын январь айында дайындалган.
Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерландыдагы, Люксембургдагы, Франциядагы элчиси, Кыргызстандын НАТО жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп келген.