Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар күнү 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Лондондо өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Конференциясында белгиленип калган. Ал эми Кыргызстанда бул майрам 2002-жылдан тарта белгилене баштап, быйыл 20 жыл болду.
“Жаштар – өлкөнүн келечеги” деп айтылганы менен алардын билимин өнүктүрүүдө, шарттарды түзүп берүүдө мамлекет аксап келе жатканын талдоочулар белгилешет. Бүгүнкү күндөгү жаштардын муктаждыктары, кызыгуусу, багыты жана приоритеттери эмнеде экенин адистерден сурап билип көрдүк.
Акыркы жылдары тенденция жана жаштардын дүйнө таанымы өзгөрүп, алардын чет өлкөлөргө кетип окуу же иштөө максаттары күч алууда.
Бирок эгер мурун жаштардын чет жакка кетип, өз мекенине кош көңүл жасаган болсо, бүгүнкү күндө башка өлкөдөн иштейм, окуйм дегендери менен мамлекетке зор салымымды кошом деп ниеттенишет. Бул көрүнүш аябай кубандырарын “Салымбеков” университетинин ректору Эсенгелди Жумадилов айтып берди.
“Жапштардын арасында эң чоң тенденция бул – глобалдык дүйнө менен кызматташуу болуп турат. Алардын кызыгуусу артып, IT, медицина, биотехнология тармактарына багыт алып жатканын байкап жатабыз. Жылдан жылга билим алып, илим дүйнөсүнө кирем, ири эл аралык компанияларда иштейм деген жаштардын саны өсүп жатканы бизди кубандырат”.
Учурда жаштардын көбү “Батыштын” идеологиясына ооп бара жатат деген пикирлер жок эмес. Жаш муун менен иштешип келе жаткан Педагогикалык илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Уметов кыргыздын улуттук баалуулуктары, каада-салты, идеологиясы унутта калып бара жатканын айтат.
Ошол эле кезде ал башка өлкөлөрдүн жаштарын мисал келтирип, кыргыздар мекенчил жана тарбиясы жактан эч бир улутту алдыга сүрө албайт деген пикирин билдирди.
“Мен жакында Беларусиядан келдим. Ал жактагы профессорлор лекция убагында менден сурап калышты: “Кыргызстан менен бизде кандай айырмачылыктар бар экен?”, — деп. Айырма көп деп аларга айтып бердим. Биринчи кезекте жаштар тууралуу айттым. Беларусиядагы коомдук транспортко кирсем жаштар орун беришкен жок. Бизде болсо дароо ордунан тура калып, улууларды сыйлап бош орунга отургузушат эмеспи. Экинчи айырма, ал жакта университетке кирип бара жатканда жаштар улуусун, мугалимин деле карабай түртүп кирип кетишет экен. Бизде болсо студенттер дайыма мугалимдерди, улууларды биринчи өткөрүшөт. Биздин өзгөчөлүгүбүз улуттук педагогика, ата-бабаларыбыздан калган тарбия жана башка жакшы нерселер бизде дагы деле сакталуу. Ошого кудайга щүгүр деш керек”.
Азыркы тапта жаштар кандай көйгөйлөргө дуушар болуп жатканын психологдон сурап көрдүк.
Жаш муун менен иштешкен психолог Бегимай Мусурманованын айтымында, 15 жаштан жогорку өспүрүмдөр балалык кезинде чоңдордон жетиштүү деңгээлде мээрим, көңүл буруу ала албагандыктан, үйдө уруш-талаштар көп болгонунан түнт болуп калып, келечекте тең туштар жана башкалар менен мамиле куруудан кыйналып, өзүн жек көрө баштайт. Ошондой эле ал 20 жаштан жогоркулар кандай маселелер менен кайрыларын айтып берди.
“20 жаштан ашкан жаштардын көпчүлүгүнүн иденттүүлүгү аксайт. Мисалы мага: «Мен ким боло алам?” “Эмне кылсам болот?», “Кайсы багыт жана тармакты тандасам?”, — деп көп кайрылышат. Себеби көп ата-энелер балдарына “дарыгер болушуң керек” деп айтып, баланын кызыкчылыгын жана каалоосун эске алышпайт. Ал бала мисалы дарыгер болгусу келбей жатат, бирок өзүнүн пикирин каалоосун ачык билдире албайт. Ушундай учурлардан жаштарда ички конфликт башталат, өзүнө болгон ишенимин жогото башташат.
Дагы бир маселе менен көп кайрылышат – бул өзүн өзү сүйүү, сыйлоо, таанып билүү. Көп ата-энелер балдарын кичинекей кезде башкалар менен салыштырып, аларды мактап, жакшы мамиле кылганынан өз балдары чоңойгондо жогоруда аталган маселелерге тушугуп, алдыга койгон максаттарын жүзөгө ашыруудан коркуп калышат”.
Жаштар күнүнө карата Бишкекте 7-ноябрдан баштап билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган “Жаштар жумалыгы” өтүүдө. Бу иш-чара ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүп жатат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков мындай иш-чаралар кийинки жылы өлкөнүн аймактарында да өтөрү пландалып жатканын билдирди.
“Жаштар жумалыгынын акыркы күнү 12-ноябрда болот. Ошол күнү биз экологиялык акция — ишембиликти өткөрүп жумалыкты жыйынтыктайбыз. Бул жылы биз Бишкекте гана өткөрдүк. Кийинки жылы жалпы өлкө боюнча өткөрөлүшүн пландап жатабыз».
Статистикалык маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө дүйнөдө 1,2 миллиард 15 жаштан 24 жашка чейинки жаштар бар, бул дүйнөлүк калктын 16 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин жаштардын саны 7 пайызга көбөйүп, дээрлик 1,3 миллиард адамга жетет деп болжолдонууда.
Ал эми өлкөдө 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар 1 млн. 593 миң адамды же Кыргызстандын жалпы калкынын 24 пайызын түзөт, алардын 51 пайызы эркектер жана 49 пайызы аялдар. Мында жаштардын эң жогорку салыштырма салмак Нарын, Талас жана Ош облустарында, эң төмөн Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди.