Биз менен байланышыңыз

Жоодар Омошев: Азыркы тапта Борбор Азия ишкерлерин бир аянтчада чогултуу өтө маанилүү

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 552 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте BIF-2022 инвестициялык форуму өтүүдө. Иш-чараны ЖИА бизнес-ассоциациясы уюштуруп жатат. Бул жылы өтүп жаткан форумдун максаты, өзгөчөлүгү тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Жоодар Омошев «Маралга» маек берди.

«Марал» : Бишкек инвестициялык форуму (BIF-2022) быйыл эмнеси менен өзгөчөлөнүүдө?

Жоодар Омошев: Дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкердик байланышын бекемдөө маанилүү болуп турат. Ошол себептен биз бүгүнкү форумга Казакстан менен Өзбекстандан ишкерлерди чакырдык. Алар менен баарлашып, дүйнөлүк экономикада алдын ала кандай божомолдор болушу мүмкүн, кайсы багытта иш алып баруу маанилүү деген темаларда өз ара ой бөлүшүү, дискуссия уюштурууну максат кылганбыз.

Мына ушул тапта форумга 1500 ишкер, он өлкөдөн бизнес-делегациялар, стартап ээлери, потенциалдуу инвесторлорлор катышууда. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын товарларынын жана кызматтарынын көргөзмөсү уюштурулду.

Негизи биз эки багытты тандадык, биринчиси биздин региондордон келген ишкерлер менен чет жактан келген ишкерлерди табыштырып, баарлаштырууга мүмкүнчүлүк түзүү. Ошондой эле бул форумга келген ар бир ишкер өзүнүн өндүрүшүн, кызматтарын элге тааныта билүүсү, инвестиция табуусуна шарт түзүлөт.

Экинчиси, биз ЖИА бизнес-ассоциациясы бир гана тармак менен чектелбейбиз, бардык тармактар боюнча иш алып барабыз, жалпысынан Орто Азия ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө басым жасалат. Жогоруда айткандай, Казактан, Өзбекстандан белгилүү ишкерлер келди.

«Марал»: Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкерлеринин мамилеси кандай?

Жоодар Омошев: Бизнес ар дайым өз жолун таап кетет, бирок аларга багыт берүү керек. Ишкерлер багыт издеп убакыт коротпошу керек. Бишкек инвестициялык форуму сыяктуу аянтчаларда да «кайсы багытта иштеш керек?» деген суроого ыкчам жооп берилиши зарыл. Биздин максатыбыз да ошол.

«Марал»: BIF 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул аралыкта миңден ашуун инвестициялык долбоорлор сунушталган, канчасы түз инвестиция таба алышты? Жылыш барбы?

Жоодар Омошев: Биз форумду 2015-жылдан бери өткөрүп келе жатабыз. Бул Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирген эң чоң аянтча. Борбор Азиядагы бизнес маселелерди талкуулоо, чечүү жана региондун экономикасын ар кандай багытта өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат.

2015-жылдан бери BIF жүздөгөн бизнес долбоорлор үчүн дээрлик 13 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу аянтчасы болду. BIFтин алкагында 1000ден ашуун инвестициялык долбоорлор сунушталган, алардын ичинен 40тан ашыгы BIF аяктагандан кийин дароо түз инвестиция алышкан.

Ар бир форумдан кийин сөзсүз өзүнө өнөктөш, инвестор тапкан кишилер болуп жатат. Эч жок дегенде ушул жерге келип, кайсы компания кандай өндүрүшүн сунуштап жатат, тренд эмнеде болуп жатканын көрүп кетсе да ишкер үчүн пайда. Айрыкча аймактардан келген ишкерлер мындай аянтчаларда бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашуусу да бизнесинин өнүгүүсүнүн биринчи кадамы.

BIF-2022: Борбор Азиядагы инвестицияны өнүктүрүү аракети

Copyright © 2017 Maral FM