Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Экономиканы мобилизация кылышыбыз керек

Экономика | 10 Ноя 2022 | 612 | 0

Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин таңсыктыгы 35 млрд сомго жетиши мүмкүн. Бул өлкө тарыхындагы эң чоң бюджеттик таңкыстык. Мындай маалыматты Каржы министрлиги расмий жарыялады. Каржы тартыштыгы бюджеттик төлөмдөрдүн көбөйүшүнөн, атайын эсепке түшкөн каражаттын жана инвестициялык салымдардын азайышынан улам келип чыккан. Бул тартыштык өлкө экономикасынын абалына кандай таасир этет. Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Каржы министрлиги 2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы боюнча маалымат берди. Айта кетсек, республикалык бюджет кирешеси 282,1 млрд сом, чыгашасы 291,2 млрд сом, ал эми тартыштык (дефицит) 9,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Учурда бюджет кайра каралып, натыйжада республикалык бюджеттин кирешесин 272 млрд сом деп, тагыраагы, мурда каралган акчадан 10,1 млрд сомго кыскартуу менен кабыл алуу болжолдонуп жатат.

Кайра кароодо чыгаша 307,4 млрд сомду түзүп, айырма 16,1 млрд сом экени, тагыраагы, чыгаша кирешеден 2,9 млрд сомго көп болгону такталган.

Мунун ичинен атайын эсепке бөлүнгөн каражат: мамлекеттик органдардын ички чыгымы 11,8 млрд сомго, ал эми ички инвестиция: инфратүзүмдүк долбоорлорго (жол салуу, имарат куруу сыяктуу) сарпталган чыгым 1,4 млрд сомго өскөн. Алынган жалпы эсепке ылайык, тартыштык 26,2 млрд сомго жетип, жалпы 35,4 млрд сомду түзгөн.

«Мамлекетке инвестициялык түшүүлөрдүн, тагыраагы, тышкы булактардан алына турган каражаттын тартыштыгы 14,2 млрд сомду түзгөн. Буга орус-украин чатагынан улам Орусияга киргизилип жаткан санкциялардын таасири, ЕАЭБдин кирешесинин азайышы, бажы төгүмдөрүнүн кескин азайышы себеп болуп жатканы айтылат маалыматта. Аны менен катар мамлекеттик орган-мекемелердин ички коротуулары 26,2 млрд сом болуп, ал эми киреше алуусу 19,5 млрд сомду гана түзгөн. Натыйжада чыгаша кирешеден 6,7 млрд сомго көбөйүп кеткен. Бул өңдүү бир катар факторлордун таасири, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге болгон төлөмдөрдү кескин көбөйтүү (айлык, сый акы ж.б.) да тартыштыкка жол берген. Андан улам бул тартыштык 14,5 млрд сомго жеткен».

Серепчи Нурбек Муктардын баамында, өлкөнүн эң чоң бюджеттик тартыштыкка кептелүүсү өлкөдөгү кадрдык саясат жана алардын туура эмес аналитикалык божомолдорунан кабар бере тургандыгын белгилейт.

Анын айтымында, насыялардын эсебинен айлык акылар көбөтүлүп, бирок күткөн насыялар келбей калган болушу мүмкүн.

«Башынан эле айтып келе жатам. Кыргызстанда кадрдык маселе бар. Келечекти көрө билген билимдүү адамдарды койгондо, балким мындай болбойт эле. Туура эмес адамдар келип, аларда жетиштүү деңгээлде билим болбогондуктан аналитика, дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий толкундарды көрө албагандыгынан улам, ушундай бир маселелерге туш болуп жатабыз. Башында айлык жана пенсияларды көтөрүп жатканда каржы булактарын таап, ошого жараша чечим кабыл алыш керек болчу. Дагы бир чоң маселе мамлекет болбогон фонд, уюм, ишканаларды түзүп эле көптөгөн каражатты максатсыз колдонуп жатат. Тилекке каршы, мамлекет мкамлекеттик компанияларды ачып, эч качан аны иштете албайт. Ошол эле учрда убактылуу пиар менен жашап жатышат. Бирдемкелерди чымчып-чымчып башташып эле, ага акча салышып эле, анын баш-аягы жок болуп, ички «экономикалык чехарда» болуп жатат». 

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек мындай жыйынтык күтүлүп жаткандыгына токтолду. Анткени 2 жыл аралыгында экономиканын өнүгүүсүнө маани берилбей, жалаң гана бийликти бекемдөөчү саясий маселелерге көңүл бурулуп турду.

«Эки жылдан бери экономикадан башка маселелер менен алектене берсе, күтүлгөн жыйынтык ушундай эле болот. Анткени эки жылдан бери конституция, курултай жана башка түрдүү жасалма темалар менен электенип келдик. Бирок өлкөнүн өнүгүшүнө абадан чоң салым кошкон, бюжеттеги салыктардын негизин түзгөн ишкерлерге, жалпы эле экономикага эч кандай маани берген жокпуз. Өнүгүү багытыбызды тандаган жокпуз, экономикалык программа, кандайдыр бир стратегия жана жол катрабызды белгилеген жокпуз. Ишкерлердин укугун, коопсуздугун жакшы шартта иштөөсүн камсыз кыла алган жокпуз. Анан ушундай жыйынтык болмок, бир гана саясий маселелер менен алаек болуп, бүгүнкү күнгө чейин келдик. Болгондо дагы саясий маселелер экономиканы реформалоо багытында эмес, бийликти бекемдөө багытында болгондуктан, мындай жыйынтык мыйзам ченемдүү көрүнүш. Экономиканын бир өзгөчөлүгү, чыгарылган жана чыгарылбаган чечимдер сөзсүз түрдө таасирин көрсөтөт».

Быйылкы жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 213 млн долларды түздү. Мунун 80%ы мамлекеттик тышкы карыз, калган 19%ы мамлекеттик ички карыз. Учурда тышкы карызды тейлөө өзгөчө кымбатка турууда. Ошол эле учурда логистика 30-40%га кымбаттап, дүйнөлүк экономикада кризис уланууда. Булардын баары акыркы иштеп жаткан экономикалык системаны жокко чыгарып, жаңы система менен иштөөгө мажбур кылууда. Рыноктук экономикалык система таасирин жоготуп, пландуу экономика кайрадан биринчи орунга чыгып жатат. Мындай пикирин экономист Аймен Касенов билдирип, бийликтин аткарышы керек болгон кадамдарга токтолду.

«Азыркы убакта мамлекеттин ролу күчтүү болуш керек. Кыргызстан өзүбүздүн ордубузду табыш үчүн пландаштырып, барынын башын бириктирип, негизинен биз дагы бир мобилизация кылышыбыз керек. Анткени булардын таасири бизге кайсы жактан көрүнүп жатат. Мисалы, Тажикстан менен согуш дагы деле уланып жатат, токтой элек. Бул дагы бизге таасмир этип жатат. Өзбекстан ушул учурду пайдаланып, чек араны чечели, Кемпир-Абадды алалы деп аракет жасап жатат. Бул эмнени билдирет десек, алдыда суунун тартышытыг 40%га көбөйөт. Ушунун бары таасир этип, азыр биздин экономиканы ушул абалга жеткирди. Азыр ишкерлер иштеп жатат, аркет жасап жатабыз, бирок дүйнөлүк система иштебей калып жатат. Базар экономикасына негизделген экономикалык платформа азыр иштебей калды. Биз башка системаны куруп чыгышыбыз керек, калгандары таасирлери. Эң маанилүүсү биз кайда барабыз жана ордубуз кайда деген суроолорго жооп бере элекпиз. Бир чети кыйынчылык болуп жатат, экинчи чети мүмкүнчүлүк. Анткени азыр чет өлкөдөн өндүрүш технологияларын алып келсе болот. Себеби, учурда Европа кыйналып жатат». 

Каржы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, тогуз айда бюджеттин ресурстары 299, 6 млрд сомго жеткен. Ошол эле учурда бюджетке салыктык түшүүлөр орточо өсүү темпи менен 150%дык деңгээлде сакталып жатат. Кирешелердин эң негизги үлүшүн салыктык кирешелер түзүүдө. Республикалык бюджеттин 9 айдагы чыгашаларына токтоло турган болсок, 127, 7 млрд сомду түзгөн. Быйылкы жылы жалпы чыгашалардын аткарылышы 187, 4 млрд сомдук деңгээлге жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59,7 млрд сомго өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM