ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө «Бакен Кыдыкеева жылы» деп жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурса шаарында уюмдун туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өткөн. Анда Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТУРКПА уюму келерки жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чараларды талкуулашты.
Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө сунушу киргизилип, бир добуштан колдоо тапты.
Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (башка маалыматтар боюнча 1920-жылдын 20-сентябрында) туулган. Жети классты аяктагандан кийин, 1936-жылы чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш көрүүчүлөр театрында өнүктүрүүнү чечет.
Бакен Кыдыкеева таланты менен жаркырап, улуттук кинону көркүнө чыгарган. Анын чыгармачылыгында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. «Салтанат»аттуу алгачкы улуттук көркөм тасмада башкы ролду ойногон биринчи актриса болгон. Ал Ч. Айтматовдун чыгармасы боюнча биринчи жолу коюлган «Бетме-бет» спектаклинде алгачкылардан болуп Сейденинин ролун аткарган.
Бакен Кыдыкеева 1970-жылы СССРдин эл артисти деген наамга ээ болуп, ошол эле жылы театрдагы эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Андан кийин 1977-жылдагы Бүткүл союздук кинофестивалдын «Актёрдук иш үчүн сыйлык» номинациясынын ардактуу лауреаты болот.
Актрисанын ысымы Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрына жана бир көчөгө берилген. Театр өнөрпоздоруна ыйгарыла турган Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык бар.
Бакен Кыдыкеева катышкан тасмалар:
«Салтанат», 1955-ж., «Токтогул», 1959-ж., «Ашуу»,1961-ж., «Ак тоолор», 1965-ж., «Биринчи мугалим», 1965-ж., «Саманчынын жолу», 1967-ж., «Жрогонун жүрүшү», 1968-ж., «Караш-караш окуясы», 1969-ж., «Комиссар», 1969-ж., «Бабалар сыры», 1972-ж., «Көчө», 1973-ж., «Жолугушуулар жана коштошуулар», 1974-ж. ж.б.