Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 192 | 0

9-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ал эми бүгүн, 9-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт:

-көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын, өрөөндөрдө жаан карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM