Кыргызстандын аймагында жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-128-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-246-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү жана кар күрткү түшө турганы күтүлүп жатат.
Жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.
Бүгүн, 8-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар, жаан жаайт. Ал эми Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман капташы мүмкүн.