Биз менен байланышыңыз

Санкциялардын эпкини Бажы кызматынын кирешесин азайтты

Экономика | 3 Ноя 2022 | 646 | 0

Ушул жылдын 9 айына карата бажы төлөмдөрдөн дээрлик 12 млрд сомго аз каражат түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады. Бул мезгил ичинде бажы төлөмдөрдөн түшкөн каражат дээрлик 53 млрд сом болду. Бирок бажы төлөмдөрдөн план боюнча 65 млрд сомго жакын каражат түшөрү күтүлгөн. Бажы кызматы 9 ай ичиндеги пландын 81 пайызын аткарды. Кирешенин планы толбой калышына бир канча жүйөө келтириди. 

Ушул жылдын 9 айына карата бажы төлөмдөрдүн түшүү планы 64,8 млрд сом өлчөмүндө деп белгиленген. Бажы төлөмдөрдөн 50,4 млрд сом, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алым 14,4 млрд сомду түзмөк.

Быйыл тогуз айдын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндө кирешенин суммасы 52,9 млрд сом болду. Бажы төлөмдөрдөн 41,6 млрд сом, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 11,3 млрд сом чогулду. План 81,6 пайызга аткарылып, 11 млрд 915,5 млн  сомго аз каражат түштү.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков пландын толук аткарылбай калышынын себептерин түшүндүрдү.

«Планды кабыл алып жаткан учурда мамлекеттик, анын ичинде бажы кызматында иштебеген адамдар келип, ошол убакта жылдык план кабыл алынып калган. Бирок, кандай болбосун планды аткарууга аракет жасайбыз. Азыркы күндө бажы төлөмдөрдү чогултууда бажылык администрлөө үч эсеге жакшырды. Буга көрсөткүчтөр далил. Экинчиден, Орусияга кирген санкция, Украинадагы куралдуу кагылышуу. Анын толкуну бизге чейин жетип, кесепетин тийгизип жатат. Мындан сырткары, Кытайдагы товарлар бизден өтүп, Казакстан аркылуу Орусияга барат. Орусиянын жашоочулары товарды сатып алуучу жана колдонуучу болуп эсептелет. Ошондуктан сатып алуунун көлөмү азайды».

Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүүсү 9 айдын ичинде 5 млрддан ашык долларды, салмагы боюнча 3 млндон ашык тоннаны түздү.

Ал эми Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө товар экспорттоонун жалпы көлөмү 500 млн долларды түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөмү 80,5%га, башкача айтканда 121,4 млн долларга азайды. Салмактык мааниде алганда, экспорттун көлөмү 2 млнго жакын тоннаны түздү, бул былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу 5,9%га же 108 миң тоннага көп.

Буга чейин өткөрмө пункттардан өтүү үчүн айдоочулар 2 сааттан 4 саатка чейин убактысын коротуп келген. Азыр бажы тармагы санариптештирилгенден бери айдоочулардын өткөрмө пунктардан өтүүсү жеңилдегенин мекеменин төраганын орун басары Алмаз Салиев айтты.

«Буга чейин өткөрмө пункттардан өтүү үчүн бир топ убакыт талап кылынса, орточо эсеп менен 4 саат убакыт керектелчү. Учурда жаңыдан киргизилген ыкманын негизинде, санариптештирүү процесстеринин негизинде бир саатка жетпеген убакыттын ичинде автоунаалар өтүп жатат. Мындан сырткары «Достук» өткөрмө пункту реконструкциялоого чейин өткөрмө пунктун өткөрүү мүмкүнчүлүгү 350 автоунаага жакын болгон. Бүгүнкү күндө 800-900 унаага чейин жүк менен өтүп жатышат».

Ал эми мекеменин Аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Эрлан Сманов 9 айдын жыйынтыгы менен бажы мыйзамдарын бузуу боюнча 3 миңге жакын факты аныкталганын билдирди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 455 млндон ашык сомду түздү.

«Анын ичинде укук бузуулар жөнүндө 2 миң 492 иш ачылып, аларды кароонун жыйынтыгы боюнча 16 млн сомдон ашык суммага айыппул салынган жана 255,5 млн сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Ачылган кылмыштардын, аныкталган иштери боюнча 198 материал өткөрүлүп берилген. Алар боюнча 140,1 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулган. Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн жыйынтык суммасы 228,4 млн сомго көбөйдү».

2022-жылы бажы кызматына берилген пландык тапшырма 98,5 млрд сомду түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгында бажы төлөмдөрдөн 59,1 млрд сом топтолду. Ал эми 2021-жылы жылдык план 48,4 млрд сом болсо, 46,9 млрд сомго аткарылган.

Былтыркы 9 айга салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 20,3 млрд сомго өстү. Анын ичинен алымсыз бажы төлөмдөрү 25 млрд сомго көбөйдү. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алым 4,7 млрд сомго же 70,6га азайды.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM