Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: долларды стендде көрсөтүлбөгөн курс боюнча сатууга жана сатып алууга тыюу салынат

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 211 | 0

Улуттук банк Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктардагы АКШ долларын сатуу боюнча тактадагы маалымат менен сатуудагы баалар дал келбей жатканы боюнча түшүндүрмө берди.

Түшүндүрмөдө  “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, нак чет өлкө валютасын улуттук валютага сатып алуу жана сатуу ачык келишим принциптеринин негизинде чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарынын маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курсу боюнча ишке ашырылат. Алмашуу операциясын жүргүзүү мүмкүн болгон шартта, чет өлкө валютасын сатып алуудан же сатуудан баш тартууга жол берилбейт», — деп айтылат.

Улуттук банк жарандарга маалыматтык стендде көрсөтүлбөгөн курс боюнча чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга тыюу салынарын эскертет. Эгер акча алмашуу бюролору тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

Алмашуу операцияларын жүргүзүү боюнча талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан көзөмөлдүк иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.
2022-жылдын башынан бери 104 акча алмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM