Connect with us

Орусиядагы жарым-жартылай мобилизация аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2022 | 552 | 0

Кечээ, 28-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуу өткөрдү.

Анын жүрүшүндө коргоо ведомствосунун башчысы жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча иш-чаралар аяктагандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык армияга 300 миң адам чакырылган.

«Жарым-жартылай мобилизациялоонун жүрүшүндө аткаруу бийлигинин ар кандай деңгээлдеги органдарынан —  1300дөн ашык жаран, 27 миңден ашуун жеке ишкерлер жана 13 миң жаран ыктыярдуу түрдө аскерлердин катарына кошулган»,— деп билдирди Шойгу.

Мобилизациялангандардын орточо курагы — 35 жашты түздү.

Мобилизациялангандардын 82 миң жараны окутуудан өтүп аскерге жөнөтүлдү. Калган 218 миңи даярдыктардан поллигондордо өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM