Биз менен байланышыңыз

«Каржылык сабаттулук — практика, көнүгүү менен үйрөнө турган нерсе»

Коом , Экономика | 28 Окт 2022 | 1041 | 0

Улуттук банк дүйнөлүк каржы топтоо күнүнө карата Кыргызстанда жумалык жарыялаган. Буга байланыштуу коомчулуктун бүгүнкү күндөгү финансылык сабаттуулугу жөнүндө кеп кылабыз. Адистер акчаны туура пайдаланууну мектеп курагынан башташ керектигин айтышат. Өлкөдө каржылык сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын окутуу курстары көп, бирок финансылык сабаттуулук жоюла элек. Азыркы учурда мектептерде финансылык сабаттуулукту үйрөтүү сабактары окутулабы? Бул боюнча атайын окутуу курстарына баруу канчалык жардам берет?

Бекзада Асылбекова Бишкек шаарындагы кийим саткан дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштейт. Ал айына 15 миң сом айлык маяна алат. Бирок Бекзада айына 20-30 миң сомдон ашык акча коротот. Кирешесинен чыгымы көп болгондуктан учурда каржылык жактан сабаттуу болууга аракет кылууда.

«Кийим саткан дүкөндө сатуучу болуп иштейм. Мендеги азыркы көйгөй акчаны туура пайдалана албай жатам. Финансылык жактан сабаттуу болуу үчүн атайын билим алгым келип жүрөт. Чыгашамды эсептеп келгенде кирешемден көп чыгат. Кээде айына 25 миң, 35 миңден да көп чыгып кетет. Азыркы учурда туура колдоно албай жатам. Ошондуктан финансылык жактан сабаттуу болууну үйрөнүп, окугум келет».

Финансылык сабаттуулук – бул мүмкүн болгон каржылык кесепеттерди билип, аны иш жүзүндө колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү.

Экономист Элдар Абакиров финансылык сабаттуулукту мектептен тарта окуту керек деген пикирде.

“Финансылык сабаттуулуктун ичине эки нерсе кирет. Биринчиден, колунда бар акчаны, оокатты туура колдонуу, ысырап кылбоо, кереги жок ашыкча чыгашаларга жол бербөө. Экинчиден, акция, аблигация деген эмнелер, насыяга кандай мамиле кылыш керек жана экономикалык абалды түшүнүү керек. Батыш өлкөлөрүнүн эли финансылык жактан сабаттуу. Ошолордун да практикасын пайдаланып көрүш керек. Бул мектеп программасында да камтылыш керек».

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүү академиясынын кызматкери Бурул Козубаеванын айтымында, учурда каржылык сабаттуулук боюнча жогорку класстарга «Адам жана коом» сабагынын алкагында окутулуп жатат. Жаңы реформага ылайык, бул сабактар жалпы класстар үчүн 2023-2024 жаңы окуу жылында окутула баштайт.

«1-класстан 4-класска чейин «Мен жана дүйнө» деген предмет кирет. Анда балдар жөнөкөй финансылык сабаттуулугун арттырат. Мында акча деген эмне, үй-бүлөнүн бюджети деген эмне, чөнтөк акчалары деген эмне, аны кантип иштетүү керектиги жөнүндө маалымат алышат. Ал эми 5-11-класска чейин «Адам жана коом» деген предмет бар. Бул ушул предметтин стандартына киргизилген. Бул жерде дагы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата акча деген эмне, акчанын кандай түрлөрү бар, сарамжалдуу пайдалануу деген эмне сыяктуу маалыматтар берилет. 11-класска чейин бул маалыматтар татаалданып отуруп, акча жүгүртүү, банктардын ишмердүүлүгү, капиталдык бюджет деген эмне ошолордун баары үйрөтүлөт».

Өлкөдө каржылык сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын окутуу курстары көп, бирок финансылык сабаттуулук жоюла элек.

Өнүгүү тренери Мыктыбек Арстанбек окутуу курстарына баруу акчаны туура пайдаланууга жардам берерин айтат. Бирок ошол эле учурда, окутуу мекемесин жана тренерди туура тандоо керек. Ал өзүнүн окутуу курстары кандай жүрөрүн айтып берди.

«Бүт тренингдердин курамына акча сабаттуулугун киргизебиз. Андан тышкары бир жумалык акча сактоо тартиби деген тренингдер бар. Атайын көп адам келип окуйт. Ачылыштарды ачып кетет. Ушунча акчаны жок кылган экенмин, келип жаткан кирешени алган эмес экенмин дешет. Акчага адамдар маани бербей жашашат. Бир эле жөнөкөй алиппесин бир жума окутабыз. Үйүндөгү буюм-тайымынан бери эсептетебиз. Бир жума акчаны ушундай режимде иштет деп атайын марафондорду беребиз. Бул практика, көнүгүү менен үйрөнө турган нерсе. Тренингдерге катышкыла. Кээ бирөөлөр интернеттен ар нерсени көрүп, өзүн тренермин деп көп нерсени айта берет. Тренердин өзүнүн портфолиосу болушу керек. Репутациясы болуш керек. Өзүнүн статустук көрсөткүчү болуш керек».

Адистердин пикиринде, финансылык сабаттуулуктун деңгээли каржылык билим алуунун жыйынтыгында жогорулайт. Бүгүнкү күндө калк финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн көптөгөн ресурстарды пайдаланса болот.

Мамлекет тарабынан да элдин каржылык сабатсыздыгын жоюу максатында бир топ иштер аткарылып келет. Өкмөт тарабынан бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын координатору катары Улуттук банк аныкталган. Ушул программаны аткарууда Улуттук банк калкты көз карандысыз, объективдүү жана сапаттуу финансылык маалымат менен камсыз кылуу максатында бир топ иш-чараларды өткөргөн.

Мындан сырткары ушул жылдын 24-октябрынан 31-октябрына чейин өлкөдө финансылык чечимдерди туура кабыл алуу, сабаттуулукту жогорулатуу жана каражат топтоо маданиятын калыптандыруу максатында кампания башталды. Анын алкагында жумалыкка катышкан уюмдар тарабынан каржылык сабаттуулук боюнча 170тен ашык иш-чара өткөрүлүүдө. Ага бардык каалоочулар катыша алат. Кампания Улуттук банк тарабынан уюштурулууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM