Биз менен байланышыңыз

Германия дрондордон коргонуучу лазердик куралын сыноодон өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2022 | 479 | 0

Германиянын куралдуу күчтөрү (Бундесвер) учкучсуз учуусу аппараттар жана ракеталардан коргонуучу лазердик куралын сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу бейшембиде Бундесвердин өкүлү билдирди.

Саксония фрегатында өткөзүлгөн сыноодо аракеттенүү абалындагы буталарды «согуштук абалда эффективдүү жок кылуу» мүмкүн экендиги далилденди. Германиянын куралдуу күчтөрү бул сыноо өлкөнүн аскердик-деңиз күчтөрү үчүн оперативдүү лазердик куралдар системасын өнүктүрүүгө негиз боло турганын билдирди.

Сыноодон өткөн аппарат атайын жүк ташуучу контейнерге орнотулуп, максатты так аныктоо жана маалыматты кайрадан иштеп чыгуу системасы менен кошо лазерди да камтыйт. Бул келечекте дрондук чабуулдардан коргонуу үчүн колдонулат. Ошол эле учурда минометтук снаряддар жана ракеталык чабуулдардан да коргоп бериши мүмкүн.

Долбоорду ишке ашырууга Европанын MBDA коргонуу компаниясы жана Германиянын Rheinmetall инженердик концерни катышты. Алардын айтымында аталган система август айында деңизде сыноодон өтүп, анда жакынкы аралыктан чабуулга келген дрондорду кайтарууга жетишкен. Кезектеги сыноо 2023-жылдын орто ченине чейин өткөрүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM