Биз менен байланышыңыз

Мамбетжунус Абылов 48 саатка камалды

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 216 | 0

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча түзүлгөн комитеттин мүчөсү Мамбетжунус Абылов 48 саатка камалды. Бул тууралуу «Маралга» ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Абыловго карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен иш козголду.

Жактоочусу Майрамбек Жумабековдун айтымында, Абылов үйүндө жок кезде тинтүү жүргүзүлгөн, ал келгенде ИИМге жеткирилген.

Бишкекте 22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйыны өткөн. 23-октябрь күнү комитеттин мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, саясатчы, активисттер кармалган.

Мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйын куруп, Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жыйынында бийликти басып алуу ниети болбогонун айткан.

Соттун чечими чыгып, эки айга камакка алынгандардын тизмеси:

  1. Эрлан Бекчоро уулу
  2. Перизат Суранова
  3. Улукбек Маматаев
  4. Равшан Жээнбеков
  5. Асия Сасыкбаева
  6. Азимбек Бекназаров
  7.  Айданбек Акматов
  8. Али Шабдан
  9. Таалай Мадеминов
  10. Чыңгыз Капаров
  11. Айбек Бусурманкулов
  12. Жеңиш Молдокматов
  13. Рита Карасартова
  14. Гульнара Журабаева
  15. Кеңешбек Дүйшөбаев
  16. Нурлан Асанбеков
  17. Кубанычбек Кадыров
  18. Бектур Асанов
  19. Клара Сооронкулова
  20. Атай Бейшенбек
  21. Акыл Айтбаев.

Дагы бир активист Талант Эшалиевдин ден соолугу начарлаганына байланыштуу, бөгөт чарасы сыртынан каралып, эки айга үй камагына алуу чечими чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM