Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Казакстандын товар жүгүртүү көлөмү 17,8%га өстү

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 317 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда «Борбор Азия +Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышат. Анын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүү учурунда Токаев биргелешкен күч-аракеттердин аркасында өнөктөштүк мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Жапаров бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык түзүлүп, ишенимдүү диалог жолго коюлганын белгиледи.

Президенттин айтымында, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тарапты тең кызыктырган кызматташуу жигердүү өнүгүп жатат. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү жогорулап, ушу тапта ал 2021-жылга салыштырмалуу 17,8%га өстү.

Мындан тышкары, маданий-гуманитардык байланыштар да жакшы багытта өнүгүп жатканын айтты. Ушул күндөрү Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM