Биз менен байланышыңыз

Жапаров Евробиримдиктен Кыргызстанга ВСП+ макамын узартууну суранды

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 363 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Анда Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөө жөнүндө сөз болду.

Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташтык менен аймактар аралык байланыштар өсүп жатканын белгиледи. Быйыл Кыргызстан менен Европа Биримдигинин өнөктөштүгүнө 30 жыл толду. Бул мезгил аралыгында ЕБ Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшүнө айланып, алдыңкы донорлорунун бири болуп калганын айтты.

Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы чыңдоо зарылдыгын, ЕБ институттарына иш сапарлардын жана Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жапаров Кыргызстанга Преференциялардын жалпы системасы+ (ВСП+) макамын узартуу маселесин козгоду.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель даярдалып жаткан Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуну канааттануу менен белгиледи. Кызматташуу үчүн Кыргызстанга конкреттүү долбоорлорду сунуштоого даяр экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM