Биз менен байланышыңыз

Прокуратура журналист Темировго карата чыгарылган өкүмдүн үстүнөн арызданды

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 530 | 0

Прокуратура иликтөөчү журналист Болот Темировго карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов «Маралга» тастыктады.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан Болот Темирого карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган.

Ал эми «документ жасалмалоо» деген берене боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Жалпысынан Болот Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо», 378-берене «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», 379-берене «Документтерди жасалмалоо» боюнча иш козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM