Биз менен байланышыңыз

Парламент төрагасы өзбекстандык кесиптеши менен жолугушту

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 230 | 0

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Самарканд шаарында Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Анда кызматташтыктын жана парламенттер аралык алаканын актуалдуу маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Өзбекстан менен калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.

Жакынкы аралыкта Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү, андан сырткары парламенттик делегациялардын, депутаттык достук топторунун өз ара иш сапарларын активдештирүүнү сунуштады.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева эки мамлекет ортосунда жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында биргелешип иштөө керектигин айткан.

Спикер баштаган депутаттар тобу 26-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына барышкан. Анда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM