Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуу, Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 219 | 0

Бүгүн, 27-октябрда саат 14:15тен тарта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда жана Сосновка өткөрмө пунктунда жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө кайра чектөө киргизилди.

Чектөө аба ырайы жакшырганга чейин улана турганын Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.

«Жолго чыккан айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжырча, күрөк жана ысык сууга толтурулган термос менен камсыз болуңуздар. Жол тайгак учурда унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM