Биз менен байланышыңыз

Баткенде ишкерден акча талап кылууга шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 306 | 0

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, октябрь айынын башында ИИМдин Тергөө кызматына Баткен облусунун тургуну кайрылып, май айынан ушул күнгө чейин аны уруп, сабап, коркутуп, 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан бейтаныш жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, шектүү Бишкектен эки батир, акча талап кылганы да, кийинчерээк ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кылган. Ал 25-октябрда акчанын белгилүү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.

Шектүү Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д болуп чыкты. Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери жана мурда бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM