Биз менен байланышыңыз

Бишкекте журналист Бактурсун Жоробеков сабалды

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 518 | 0

Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробеков сабалып, тонолду. Бул факты боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясына арыз жазылганын аталган маалымат каражаттан билдиришти.

Кабарчынын сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылууда.

Маалыматка караганда, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда кабарчыга төрт киши кол салган. Белгисиз бирөөлөр телеканалдын редакциясына телефон чалып аны издешкен жана коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.

«Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө «Бул SuperTV’нын журналисти» деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр», — деди Бактурсун Жоробеков.

Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милицияга аталган факт боюнча арыз түшкөн. Анда жабырлануучу Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдар ага карата күч колдонуп, Samsung үлгүсүндөгү телефонун, 3,5 миң сом акчасын тартып алынгандыгын билдирип, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM