Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү айлампасы жарыяланганын кабарлады. Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 27-октябрдан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек.
Документтер өз убагында тапшырылбай же толук берилбей калса талапкер сынактан четтетилет.
Облустар боюнча ваканттык орундардын саны:
Ысык-Көл облусу – 17;
Нарын облусу – 10;
Чүй облусу – 59;
Талас облусу – 14;
Жалал-Абад облусу – 105;
Ош облусу – 101.
Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасын өткөрүү жакынкы күндөрү белгилүү болот.