Кыргызгидромет билдиргендей, 28-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,
Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +7…+9 градус болот.