Биз менен байланышыңыз

Иранда шииттердин мечитиндеги кол салууда 15 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 449 | 0

Кечээ, 26-октябрда Ирандын түштүгүндөгү Шераз шаарында шииттердин ыйык жайы Шах Черахка үч киши куралдуу кол салды. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги жазды.  Натыйжада 15 адам каза болду. Fars News Agency маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында бир аял жана эки бала да бар. Жалпы 40 киши жабыркаган.

Кол салгандардын экөөсүн полиция кармаган. Бирөөсү качып кетүүгө үлгүргөн. Куралдуу кол салуунун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алды.

Ирандын бийлиги бул окуяны айыптап, «калкты экиге бөлүү» аракети деп баалады. Ошондой эле бул жазасыз калбай турганын эскертти.

Шераздагы бул теракт Иранда бийликке карата массалык нааразычылыктар жүрүп жатканда орун алды. Буга чейин милиция тарабынан жоолук салынбаганы үчүн кармалган 22 жаштагы кыз ооруканада каза болгон. Анын жакындары күч кызматкерлери кызды сабап, кыйноого алган деп билдирген. Натыйжада өлкө боюнча нааразычылык акциялар күчөп, башаламандыктар орун алды. Учурда 300дөй адам «бийликти басып алууга шектелип» камакка алынган. Ал эми массалык нааразычылыктар учурунда каза тапкандар саны 240тан ашты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM