Биз менен байланышыңыз

G7 жана Евробиримдик өлкөлөрү Украина үчүн «Маршал планын» иштеп чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 402 | 0

«Чоң жети» жана Евробиримдик өлкөлөрү биргеликте Украинанын согуштан арылуусуна жардам берүү боюнча жол картасын иштеп чыгууга киришти. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабыл алынган «Маршал планы» менен салыштырылган бул программанын сигналы Берлинде 25-октябрда болуп өткөн эксперттердин конференциясында берилди.

Конференцияда Германия канцлери Олаф Шольц жана Еврокомиссиянын жетексиси Урсула фон дер Ляйен өткөн жумада Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитиинде жарыяланган чакырыктарын кайталап, конференциянын максаты «XXI кылым үчүн Маршал планын жаратуу» деп белгилешти. Германия канцлери муну ишке ашыруу бүтүндөй бир муундун милдети экенин айтып, Украинада согуш жүрүп жатканына карабай аны калыбына келтирүүнү тезинен баштоо керектигин билдирди.

Канцлердин айтымында, Германия тыптыйпыл кыйраган согуштан кийин да кантип бутка турса болорун далилдеген өлкө. «Украинанын өнүккөн жана демократиялуу Евробиримдиктин өлкөсү, жашыл энергия жана жогорку технологиялык өндүрүштүн экспортоочу катары көрүү үчүн анын келечегин пландоо зарыл», — деп кошумчалаган Шольц.

Фон дер Ляйен болсо Украинага бир гана бюджеттик каражаттарын жабуу үчүн, пенсия, айлык акы жана жөлөкпулдарга ай сайын 3 млрд евро керектигин билдирди. Евробиримдик учурда Украинаны ай сайын 1,5 млрд евро менен каржылоого даяр. 2023-жылы мунун жылдык көлөмү 18 млрд еврого жетет. Мындан улам Брюссель калган жарым чыгымды АКШ, ЭВФ, эл аралык каржы институттары бөлүп берсе деген ниетте.

Ал эми Эл аралык валюта фонду Украинага 2023-жылы ай сайын 5 млрд евро каражат керек болушу мүмкүн. Анткени шаарлардын кыйраган инфраструктурасын калыбына келтирүү жогоруда айтылган 3 млрд евронун эсебине кирген эмес.

Украина президенти Владимир Зеленский аталган конференцияга онлайн катышып, Украинанын бюджетине учурда 17 млрд евро зарылдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM