Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди текшерүү азая элек

Коом , Экономика | 25 Окт 2022 | 719 | 0

Акыркы учурда бизнеске криминалдык түзүмдөрдүн таасири жана кысымы күчөп жатканын ишкерлер айтышууда. Талдоочулар ишкерлерге болгон басым буга чейин эле башталганын, анын инерциясы ушул кезге чейин уланып келатканын айтышат. Бизнес өкүлдөрү Кыргызстанда импорт көбөйүп, экспорттун азайышы, мунун менен соода балансынын терс тенденциясы уланып жатканын эскертишет. Ошол эле учурда мамлекеттик чыгашалар да өсүп жатат. 

2021-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен капиталдын агымы көбөйгөн. Ишкерлердин кооптонуулары күн санап өсүп, мамлекеттик институттардын адилетсиз мамилеси аларды чет жакка кетүүгө аргасыз кылып жатканын айтышууда. Ушундай коңгуроо каккан ишкерлер бирикмелери мамлекеттик бийликти сапаттуу чечимдерди кабыл алууга чакырып келет.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков акыркы мезгилде мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясынын деңгээли төмөндөгөнүн айтты. Бул бизнес өкүлдөрүн түйшөлтө турган маселе. Себеби укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын кысымы жана текшерүүлөрү көбөйүүдө.

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, бизнести текшерүүлөрдүн азайышы буга чейин байкалган. Бирок азыр кайрадан бизнес ээлеринен даттануулар күч алууда.

Ишканаларды күтүлбөгөн жерден, тиешеси жок органдар текшерип жатышат. Мисалы, текшерүү салык кызматы тарабынан жүргүзүлүшү керек болгон жерде укук коргоо органдары кийлигишет. Бул ири эл аралык компанияларга да тиешелүү болуп жатат.

Кыргызстанда импорт өсүп, экспорт төмөндөп жатат. Муну менен соода балансынын терс тенденциясы сакталууда. Ошол эле учурда мамлекеттик чыгымдар өсүп жатат. Мындан улам экономика жана бизнес өнүгүүгө эч кандай салым кошо албай калышы мүмкүн.

«Айрым учурларда ишкерлерге карата жакшы нерселер кабыл алынып, иштеп жатат. Бирок ошол эле учурда алардын көбү иш жүзүндө аткарылбай келет. Жада калса кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларда да көп жагынан сакталбайт. Координацияланган жана ырааттуу мамлекеттик саясат жок. Кабыл алынган демилгелер жөнүндө кээде үч окуудан же кол коюудан кийин билебиз.

Орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу жана экономикалык эркиндик үчүн шарттарды түзүү керек. Экономикалык эркиндик индексинин отчетуна ылайык, биз орточо эркин категорияга киребиз. Ошол эле Казакстан эркин категорияга кирет.”

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын башында алгач “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, андан кийин “Ишкердик субъектилерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлык чыгарган. Анда мамлекеттин ишкерликке кийлигишүүсүн азайтуу, жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү, лицензияларды бере турган бирдиктүү органды камсыздоо, бизнеске тоскоолдуктарды алып салууга байланыштуу чаралар жазылган.

Ишкер Темирбек Ажыкулов президенттин аталган эки жарлыгындагы айрым жоболор дагы деле аткарылбай жатканын сынга алды.

“Президенттин демилгелери кагазга сонун түшүрүлгөн. Бирок тилекке каршы иш жүзүнө келгенде, көрүп жатпайбызбы баарыбыз, укук коргоо органдары тарабынан президенттин айткандары аткарылган жок. Ошол эле учурда криминалдык түзүмдөрүнүн кысымы көбөйүп баратат. Бирок ишкерлер жабыркаса да буларды ачык айткандан коркуп, жашырып жүрүшөт экен. Ошондуктан жогоруда айтылган нерселердин баарына кошулам”.

Дагы бир ишкер, Бишкектеги ресторандын ээси Гүлина Калиева укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөр бир айда 3-4 жолу болуп жатканын ырастады. Ал криминалдык түзүмдөрдөн кысымдар болбогонун айтып, бирок ашыкча көзөмөл ишти алдыга жылдырып, ийгиликтүү алып кетүүгө тоскоолдук жаратарын белгиледи.

“Чындыгын айтканда текшерүүлөрдөн баш көтөрө албай жатабыз. Ушунча текшерүү мурун болгон эмес. Биз ишкер болгондон кийин, көп жумушчуларды иш орунда менен камсыздап, салыктарды төлөп, мамлекетке жакшы колдоо көрсөтүп келе жатабыз. Бирок мамлекеттен бизге колдоо болбой жатат. Мамлекетке акча керек болгондо эле улам бизнес өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп калышат. Бул бир гана менин оюм эмес, мен ишкердик чөйрөсүндө көп аралашып жүргөндүктөн, баары эле ушинтип айтып жатышат.”

Ал эми мейманканы иштеткен ишкер Мирбек Асангариев криминалдык түзумдөрдөн да, укук коргоо органдары тарабынан кысым-басымга учурабаганын жана текшерүүлөр тынчын албаганын белгилейт.

“Укук оргоо органдары менен андай маселелер жаралган эмес. Крим чөйрөсү менен да мамиле түзгөндөн алыспыз. Менин тегеримдеги бизнес ээлери мынай оор учурга кабылганы туурасында маалымат уга элекмин”.

Өткөн айдын ортолорунда Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлик жана инвестициялык чөйрөдөгү соңку жагдайга байланыштуу билдирүү тараткан. Анда бизнесмендерден түшкөн кайрылуулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдардан улам тынчсыздануу айтылган. Ошол кезде бизнеске ашыкча басым-кысым жасоо уланып жатканы жана бул азыркыдай каатчылык маалда ишкер чөйрөгө жана инвестицилык климатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экени белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM