Биз менен байланышыңыз

«Балыкчы — Кочкор» темир жолунун курулушуна чет элдик инвестиция тартылат

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 332 | 0

Президент Садыр Жапаров Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу менен таанышты. Анда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдиргендей, жыл соңуна чейин 5 чакырым жолду аяктоо пландалууда.

Учурда иштин 85 пайызы, башкача айтканда, 4,5 чакырым жол тилкесин түптөө иштери бүттү, ал эми 3,7 чакырым жол тилкесине рельстер орнотулду. Мындан сырткары, чет элдик инвестиция тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Чүй облусунун Кемин районундагы ишке киргизүүгө даярдалып жаткан темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана тууралуу да маалымат берилди. Ишкананын курулушу ушул жылдын май айында башталган. Ноябрда бардык зарыл жабдууларды орнотуу иштерин бүткөрүп, декабрда жогорку сапаттагы шпалдар чыгарылат. Өндүрүштүн күтүлгөн кубаттуулугу – айына 6-8 миң даана шпал чыгаруу.

Ишкананын продукциясы ички рыноктун, анын ичинде Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу учурунда шпалга болгон муктаждыкты жаба алат.

«Мурда өлкөдө темир жолдорду оңдоодо чет өлкөлөрдөн материалдар алынып келсе, эми оңдоп-түзөөдө жана куруу иштерине атамекендик өндүрүштөгү шпалдарды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул баанын төмөндөшүнө алып келет. Ишкананын планында тышкы рынокко чыгуу, шпалдарды үчүнчү өлкөлөргө да экспорттоо бар» , — деп айтылат маалыматта.

Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече багытындагы темир жолду Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалып жатканы кабарланды. Мындан тышкары, Кара-Кече кенинен көмүр ташуунун чыгымы да азаят.

Быйыл 31-мартта «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун курулушу президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий башталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM