Биз менен байланышыңыз

Массалык кармоолор: Депутаттар тергөө иштерин калыс жүргүзүүнү талап кылды

Саясат | 25 Окт 2022 | 829 | 0

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жекшембидеги массалык кармоолор боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. ИИМ кызматкерлери тарабынан жалпы 22 жаран кармалган. 

Алгач Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев массалык камоо жана козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди. Анын айтымында кармалган жарандардын иш аракетинде кылмыштын курамы болгондуктан  иш козголгон.

«Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан 20-октябрда Кылмыш-жаза кодескинин 278-беренесинин 1-бөлүмү боюнча («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында тергөө амалдары жургузүлүп, анын алкагында 23-октябрда 22 жарандын үйүндө тинтүү, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын негизинде 21 жаран кармалган. Кечээ аларга айыптар угузулуп, 20 кишиге камакка алуу чечими чыкты. Бир жаран ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө жаңы башталды, анын жыйынтыгы менен дагы 1-2 айдын ичинде кененирээк маалымат беребиз».

Аширходжаев кошумчалагандай, ИИМдин бардык тергөө аракеттери прокуратура жана тергөө соту тарабынан каралып чыгып, мыйзамдуу деп табылган.

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Эмилбек Абдыманапов дагы шектүү жарандардын үйүнө тинтүү жүргүзүү сот  тарабынан мыйзамдуу деп табылганына токтолду. Ошол эле учурда мыйзам бузуу фактылары тергөө тарабынан аныкталган эмес.

«Учурда 20 кишинин бөгөт коюу чарасы каралып, алардын 19у камакка алынып, 1 жаран үй камагына чыккан. Мындан тышкары, ушул тапта 2 жарандын бөгө коюу чарасы каралып жатат. Кылмыш иши боюнча тинтүү жүргүзүү сот тарабынан мыйзамдуу деп табылган. Кармалган жарандардын мыйзамдуулугу сот тарабынан дагы негиздүү деп табылган. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Башкы прокуратура тарабынан көзөмөл ирээтинде мыйзамдуулугу каралып жатат. Мыйзам бузуу фактылары тергөө тарабынан аныкталган эмес». 

Депутат Алишер Эрбаев шектүүлөрдүн массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көргөндүгү боюнча тараган видеого кандай экспертиза дыйындалганыдыгына жана анда массалык баш аламандыкты уюштурууга кандай далилдер табылгандыгына кызыкты.

«Тасма экспертизадан өткөрүлдүбү? Сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар 22-октябрь күнү болуп жатат. 23-октябрда алар массалык кармалып жатат. Ар бир аудио жана видео жазуулар экспертизадан өтүшү керек. Экспертизаны түнү менен жасадыңыздарбы? Төңкөрүшкө даярдануу жана массалык баш аламандык уюштурууга кызыктар деген экспертизанын корутундусу барбы?»

Экспертиза эми жүргүзүлөрүн айткан Эркебек Аширходжаев кылмыш ишин козгогондон кийин тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүлөр боюнча жетиштүү далилдерди тапканын жүйө келтирди.

Ошондой эле ИИМдин орун басары белгилегендей, бул иш боюнча Башкы прокуратура жана сот органдары мыйзамдуулугун көзөмөлдөп, акыйкатчы институту менен кыйноолордун алдын алуу борбору ар бир кармалган жаран менен жолугушууларды уюштуруп жатат. Күч колдонуу жана коркутуу жок болуп, баары мыйзам чегинде жүрүп жатат.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алуу менен тиешелүү мекемелерди тергөө иштерин ар тараптуу, калыс жүргүзүүгө чакырган чечим кабыл алышты.

23-октябрь күнү массалык кармоолордон улам убактылуу кармоочу жайга киргизилген саясатчы жана жарандык активисттердин 20сынын баш коргоо чарасы 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот отуруму таңкы саат 5ке чейин уланып, 19 жаран эки айга камалса, бир жаран ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Ал эми жарандык активисттер Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн каралып жатат.

Массалык кармоолор: саясатчы, жарандык активисттердин дээрлик баары 2 айга камалды (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM